Акыркы макалалар

“Пирамида” телеканалын парламенттик кылып түзүү маселеси каралат

“Пирамида” телеканалын парламенттик кылып түзүү маселеси каралат

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети “Медиа Холдинг Пирамида" жоопкерчилиги чектелген компаниясын парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карайт. Парламенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, эгер бул сунуш колдоо тапса, телеканал толугу менен Жогорку Кеңештин карамагына өтөт.

- Пирамиданын негизинде парламент телеканалын түзүү боюнча аракет көрүп жатабыз. Эгер депутаттар макулдугун берсе, канал Жокгорку Кеңештин кармагына өтөт. Парламент аркылуу каржыланат жана көзөмөлдөнөт. Жалпы жыйындан сырткары фракция, комитет жыйындарын, коомдук талкууларды дагы түз алып көрсөткөнгө аракет кылабыз.

2010-жылы апрель революциясынан кийин "5-канал" жана “Пирамида” телеканалдары Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, мамлекеттин колуна өткөн. Аталган эки канал кийинчерээк өкмөттүн чечими менен экс-президент Курманбек Бакиев жана анын туугандарынын улутташтырылган мүлктөрүнүн арасынан өзгөчө чечим чыкканга чейин сатыктан алынган.

“Пирамида” телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы эгемен телеканал болуп түзүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...