Акыркы макалалар

Айдоо жерди, жайытты бузгандардан жерди алып коюу сунушталууда

Айдоо жерди, жайытты бузгандардан жерди алып коюу сунушталууда

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги асыл топуракты, жер кыртышын коргоо жаатында айыл чарба жерлерине ээлик кылуу, пайдалануу жана бөлүштүрүүдө жерлерди дегардациядан жана башка терс зыяндардан коргоо тууралуу өкмөт токтомунун долбоорун талкууга алып чыкты.

Өкмөт сайтында айтылгандай, мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген жерди деградация кылууда же асылдуулугун төмөдөтүүдө жер тилкесин алып коюу же сатып алуу ченеми зор кызыгуу жаратууда.

Мыйзам долбоорунда “Айыл чарба багытындагы жерлердин асылдуулугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесинин 9-пунктуна ылайык, жерди туура эмес пайдаланып кунарсызданса же асылдуулугу төмөндөсө жер тилкесин алып коюу же сатып алууну тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн.

Негизи аталган тартипти бекитүү укугу өкмөткө таандык. Жер кодексинде жер тилкесин алып коюунун тизмеси келтирилген. Бирок жерди дегредация кылууда жана асылдуулугун төмөндөтүүдө жерди алып коюу Жер кодексинде каралган эмес.

Ошондуктан “Айыл чарба багытындагы жерлердин асылдуулугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында ушул мыйзам долбоору сунушталып жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...