Акыркы макалалар

Ошко жаңы комбайн алынып келинди

Ош облусуна чет өлкөдөн жаңы комбайн алынып келинди. Анын өзгөчөлүгү жыйналган жүгөрүнүн данын биротоло укалап чыгарат. Бул тууралуу Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы Кубанычбек Мамедов билдирди. “Анын баасы 6 млн. 720 миң сомду түзөт, беш жылга насыяга берилди. Учурда аймакта миграция күч алгандыктан, кол күчү тартыш. Ошондуктан, мындай техника дыйкандарга абдан керек болчу”,-дейт ал. Дыйкандарга жакпаган бир жери жаңы комбайн түшүмдү жыйнагандан кийин орулган силосту майдалап жерге чачып кетет экен. Анткени аны элеттиктер малга тоют катары пайдаланып көнүп калышкан. Адистердин айтымында, жүгөрүнүн сөңгөгүндө калий жана фосфор болгон үчүн, ал жер семирткич катары жерге чачылып, кийинки жылга 1,5-2 эсе түшүмдүүлүктү жогорулатат. Учурда калк арасында түшүндүрүү иштери жрүүдө. Кошумчалай кетсек, аталган техника ар бир гектарга 12 миң сомдон кызмат көрсөтүүдө.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

06.09.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...