Акыркы макалалар

Корейлер Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга кызыгып жатат

Корейлер Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга кызыгып жатат

KEPCO энергетикалык компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу маселесин карап жакандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түштүк Корея" экономикалык өнүгүү фондусунун президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, аталган компания мурда "Датка" подстанциясынын курулушун баштап берген.

"Корей инвесторлору биздин рынокко чакан ГЭСтерди куруу максатында кириши ыктымал. KEPCO — бул Кореядагы энергетикалык компания. Учурда кызматташуунун келечегин иликтеп жатат", — деди Акенеев.

Ал кошумчалагандай, аталган компаниянын КР менен иштей же иштебей турганы жылдын аягына чейин белгилүү болот.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...