Акыркы макалалар

Көл курулду, көл менен кошо көйгөй да туулду

Көл курулду, көл менен кошо көйгөй да туулду

"Төрт-Күл" суу сактагычы курулганда баткендиктердин төбөсү көккө жете кубанышкан учур артта калды. Андан бери 40 жыл өттү. Көлдүн шарапаты менен Баткен районунун өнүгүүсүндө чоң өзгөрүүлөр болду. Даамы жана дарылык касиети менен дүйнө жүзүнө таанылган Баткендин өрүгү менен жүзүмү элди-жерди даңазалап, береке-байлык алып келди. Элибиз байыды, бирок…

Бирок, бир гана нерсе өкүнүчтүү болду деп ойлоймун, «Төрт-Күл» суу сактагычынын долбоорун ишке ашырууда орчундуу катачылыктарга жол берилгендиктен, анын залакасы азырга чейин өнүгүүгө терс таасирин берип келүүдө. Долбоор боюнча жалпы өздөштүрүлгөн жерлердин 65%ы бакчылыкка багытталып, тамчылатып сугаруу системасы жүзөгө ашырылыш керек болчу. Тилекке каршы Союз учурунда Кыргызстан мал чарбачылыгына өзгөчө маани бергендиктен, Баткендеги жаңы жерлердин 65 пайызы бакчылыкка эмес, сууну көп талап кылуучу тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланылып кеткен. Эске сала кете турган нерсе, Баткендин жеринин шартын изилдөө боюнча ошол кездеги Союздун белгилүү институттарынын адистери он жылдай изилдөө, тажрыйба жүргүзүшүп, анан ошол тамчылатып сугаруу кабыл алынган.

Ошол мезгилден тарта Баткен районунда мурда болбогон дагы жаңы бир көйгөй туулду. Сугат тармагында тажрыйбалуу адис, жетекчи Дөөталы Ибраимовдун айтуусуна караганда бул көйгөй баарынан мурда жер астындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн келип чыкты. А суунун деңгээлинин көтөрүлүшү-жердин шагылдуу, нымдуулукту кармоого мүмкүнчүлүгү аз болгондугуна карабастан 5-6 эсеге көп cуу коюлушуна байланыштуу. «Ооруган жерди эмес, оору башталган жерди» таба турган болсок, анын башаты барып «Төрт-Күл» суу сактагычынын долбооруна туура келбеген иштердин болгондугуна такалат. Мына, ошентип олтуруп Баткен районунун суу сактагычтан жана сугат талаалаалардан төмөнкү аймактарында экологиялык бузулуулар жүз бере баштады. Ал мезгилдеги жогорку жана төмөнкү эшелондордогу жетекчилер өз абройлору үчүн экологиялык көйгөйгө карабастан, экономикалык кызыкчылыктарга жетишүүгө ат салышкан. Алар «Тоют, тоют жана тоют!» деген ураан менен ат салыша берди, а, чыныгы турмушта экологиялык кыйроо башталып кетти. Кечээ эле өздөштүрүлгөн эгин талаалары заектенүүдөн жабырланып пайдалануудан чыга баштады. Тамчы суу жок жерде сүзүп өтө турган көлмөлөр пайда болду. Баткен шаарынын төмөнкү жарымы, Параң участкасы, Кызыл-Бел, Чек, Чет-Кызыл, Кара-Бак айылдары заектенүүнүн очогу болуп калды. Айрыкча, 9 миңден ашык калк жашаган Кара-Бак аймагынын экологиялык кыйроого дуушарланышы республикага чейин белгилүү болду. Заектин кесепетинен көптөгөн имараттар бузула баштады, бак- дарактар куурады. Баарынан да жергиликтүү жашоочулардын ден соолугуна терс таасирленүүлөр болуп, ревматизм, жүрөк-кан-тамыр дарттары көбөйүүдө. Айылдагы заектенүүнү жоюу үчүн 20 дан ашык ачык жана жабык түрдөгү каналдар, 22 скважиналар, 2 кубаттуу насостук станция курулду. Азыркы учурда каналдардан башкасынын баары таланып- тонолуп, иштебей турат. Бүгүнкү күндө Кара-Бактын көпчүлүк жерлеринен 1-2 метр казганда эле суу чыгат.

Көлдөн чыгарылган суунун жарымы 20 дан ашык каналдардан бир жерге чогулуп, өзүнчө дарыя болуп Өзбекстанга өтүп кетет. Өзбек кошуналар болсо бир тыйын сарпталбай өзү келген бул сууга суу сактагыч курушуп, жүздөгөн гектар жерлерин өздөштүрүшкөн.

Көлдүн курулушунан кийин эле туулган көйгөйлөр Баткен облус болгондон берки жылдарда да анчейин капарга алына бербей, «багылып» келип, азыр «жетилип» калды. Мен бул багытта көлдүн куруучулары М.Жолдошев, А.Камалов, дың жерчилер С.Момунов, И.Маматкулов жана башкалар менен баарлашканымда алар 13 жылдын ичинде Баткен облусунун жетекчилеринин тез-тез алмаштырылып, башталган иштердин аягына чыкпай ташталышы себептүү да социалдык-экономикалык, экологиялык көйгөйлөр толук чечилбей жаткандыгын айтышты. Чындыгында эле 13 жылдын ичинде он ирет облус жетекчиси алмаштырылды, «Төрт-Күлгө» түздөн-түз тиешеси бар суу тармактарында болсо оголе көп жетекчи, адистер алмаштырылып келди.

Болбогон бир шылтоолор менен кызматынан бошотулуп, эми кайра келген Д.Ибраимов учурда көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенип жаткан учуру. Анын айтымында 40 жылдын ичинде көлдүн астына кум толуп бүткөн. Ар түрдүү жаратылыш кырсыктарынан улам астына төшөлгөн пленкалардын ачылып, тытылган жерлери бар. Ал аз келгенсип көл жээги жазында пляжга айланып, мында келишкендерден калган бөтөлкөлөр, алардын сыныктары толтура. Санитардык абал начар.

Ушундан улам райондук суу тармактар жетекчилиги жогорудагындай көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн атайын долбоорлорду түзүп олтуруп, акыры Германиялык техникалык борбордун колдоосуна жетишишти. Буюрса жакынкы күндөрдө биринчи кезекте көлдүн астына толгон кумду тазалоо, экинчи кезекте тонолуп-жоголуп кеткен скважиналарды кайрадан калыбына келтирип иштетүү жүзөгө ашканы турат.

Ошентип, көлдүн жашы 40 ка чыгып калган болсо, көйгөйдүн жашы да анын артынан калышпай келатат…

Адылбек Ахматов,

Адилбек Батыров,

Баткен облусу

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...