Акыркы макалалар

Wi-Fi жана балдар аянтчасы. Калкты тейлөө борборунда кезек күтүү жеңилдейт


Wi-Fi жана балдар аянтчасы. Калкты тейлөө борборунда кезек күтүү жеңилдейт

Бишкектиктер үчүн бардык шарты түзүлгөн Калкты тейлөө борборун ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевге шилтеме берүү менен билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков шаршемби күнү Мамкаттоо жетекчиси менен жолугуп, эл Калкты тейлөө борборлорунда кезек күтпөшү керектигин жана паспорттор өз убагында берилиши зарылдыгын билдирген.

"Жарандар Калкты тейлөө борборлорунда узун кезек жаралганын жана паспорттор өз мөөнөтүндө бүтпөй жатканын айтышууда. Бул көрүнүштү тез арада жоюу керек. Керектүү кагаздарды тапшырган адам өз мөөнөтүндө документ алууга укуктуу", — деп өкмөт башчы билдирген.

Ал эми Догоев акыркы күндөрү тейлөө борборлоруна кайрылган адамдардын саны үч эсе көбөйгөндүктөн, кызматкерлер эки смен менен иштеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Бишкектин Валиханов көчөсүндөгү калкты тейлөө борборунун аянты 600 чарчы метрди гана түзөт. Бирок ага карабастан күнүгө эки миңге жакын адамга кызмат көрсөтүлүп келет.

"Жакынкы аралыкта бардык шарттары бар дагы бир калкты тейлөө борборунун ачылышы пландалып жатат. Анда бекер Wi-Fi, күтүү залы, балдар жана энелер бөлмөсү бар. Ошондой эле 18-сентябрдан тарта паспортту үйгө жеткирип берүү кызматы ишке кирет", — деди Догоев.

Ал ошондой эле тиешелүү документтерин тапшырган жарандар жаңы паспортту 12 иш күндүн ичинде алып жатышканын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...