Акыркы макалалар

Исаков: 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот


Исаков: 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот

Бүгүн, 13-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков Эдвард Джемайель башында турган Эл аралык Валюта фондунун миссиясын кабыл алды.

Жолугушууда премьер-министр Өкмөттүн милдети «Жаңы доорго кырк кадам» программасын эффективдүү ишке ашыруу болуп саналаарын билдирди. Аны менен катар санариптик трансформация жана ачык мамлекет түзүүдө «Таза Коом» жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруу болуп саналаарын Исаков кошумчалады.

«Программа дымактуу бирок реалдуу. Этабы менен мамлекеттик кызматтарды алууда шарттарды камсыз кылуу үчүн киргизилген механизмдер, ошондой эле, жалпы биздин жарандардын жашоосун жакшыртуу пландары ишке ашырылат. 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот», — деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Эдвард Джемайель жаңы Өкмөткө бизнес, жарнама, макроэкономикалык абал, климаттык жана реформалык түзүмдөрдү ишке ашыруу багытында колдоо көрсөтүүгө кызыктар жана даяр экендигин билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...