Акыркы макалалар

Билим берүү министрлиги китеп чыгарууга 4,7 млн сомдук тендер жарыялады

Билим берүү министрлиги китеп чыгарууга 4,7 млн сомдук тендер жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги Республиканын мектептери үчүн китептерди чыгарууга 4,7 млн сомдук тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, бул каражатка 27 аталыштагы кыргыз тилиндеги китептер чыгарылат. Анын ичинде политология, манас таануу, кыргыз архитектурасы, экономика, биохимия, XIX-XX кылымдардагы чет элдик адабияттар, кыргыз улуттук музыкасы, курулуш материалдары жөнүндө жана башка китептер басылат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү мектептерди китеп менен камсыздоо орточо 83,6 пайызды түзөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...