Акыркы макалалар

Мигранттар быйыл Кыргызстанга 1,3 млрд доллар которушту

Мигранттар быйыл Кыргызстанга 1,3 млрд доллар которушту

Бул жыл башынан берки жети ай ичинде сыртта жүргөн кыргызстандыктар жиберген акчанын көлөмү деп маалымдайт Улуттук банк. Анын 1 млрд 294 млн доллары Орусиядан которулган.

Маалыматка ылайык, июль айында 229 млн доллар которулган. Бул июндагы көрсөткүчкө караганда 10 млн долларга аз.

Жыл башынан берки жети айда Кыргызстандан чет мамлекеттерге 229,2 млн доллар которулган.

Улуттук банктын маалыматына караганда, өткөн жылы чет мамлекеттердеги кыргызстандык эмгек мигранттары 1 миллиард 991 миллион доллар которгон. 2015-жылы алардан келген акча 1 миллиард 168 миллион долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттардан келген каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызга жакын бөлүгүн түзөрүн билдирген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...