Акыркы макалалар

Белгисиз парашютчулардын эч кандай ийиздери жана белгилери табылган жок

Белгисиз парашютчулардын эч кандай ийиздери жана белгилери табылган жок

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына конгон белгисиз парашютчуларды издөө иштери үч күнгө созулду. Мындай маалыматты "Марал" радиосуна Баткен облустук ИИБнин башчысы, полковник Анарбай Алимбеков билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, Коргоо министри жана Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринен куралган жүздөй адам парашютчулар конду делген Сары-Жаз жайлоосунда издөө жүргүзүлдү, бирок эч кандай ийиздер жана белгилер табылган жок.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кубат Жээналиев да бул маалымат такталбаганын, учурда изилдөө иштери бүтүп, бирок оперативдүү жумуштар жүрүп жатканын айтты. Учурда Тажикстан да өз аймагында изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...