Акыркы макалалар

Көк бөрү боюнча “Кыргызстан” курама командасы Астанага жөнөп кетти

Көк бөрү боюнча “Кыргызстан” курама командасы Астанага жөнөп кетти

10-15-сентябрда Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул чемпионатка катышуу үчүн атайын команда түзүлдү. Ал өлкөдөгү командалардын мыкты оюнчуларынан куралган. Анын ичинен 9 бала «Кабылан» командасынан, «Бөрүлү», «Кожомкул» жана «Суусамыр» командаларынан бирден бала бар. Жалпы 17 спортчу ойнойт. Учурда Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы мелдешке даярданууда. Бул тууралуу аталган курама команданын жетекчиси Тилек Урманбетов билдирди.

Таймашка Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандын командаларынын катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандан бара турган делегация мүчөлөрү 2-сентябрда Астанага жөнөп кетишти.

Оюндар 10-сентябрда башталат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...