Акыркы макалалар

10-сентябрга карата аба ырайы

10-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;

Ал эми, Бишкекте 10-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градуска чейин жылыйт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...