Акыркы макалалар

Кыргыз-орус тасмасын Торонтодо көрсөтүшөт

Кыргыз-орус “Сулайман-Тоо” тасмасын Канаданын Торонто шаарында өтүп жаткан 42чи эл аралык кинофестивалда көрсөтүшөт. Иш чара 7нен 17-сентябрга чейин болот. Бул тууралуу kyrgyzcinema сайтында маалымдалат.

Фестивалдын алкагындагы “Ачылыш” (Открытие) программасында Елизавет Стишовдун “Сулайман-Тоо” толук метраждуу тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Тасма Ош шаарында тартылган.

Торонтодо өтүп жаткан эл аралык кинофестиваль эң ири фестивалдардын бири болуп саналат. 2007 жылы 19чу программанын алкагында конкурска 4 миң 156 кинолента көрсөтүлүп, алардын 349 тандалып алынган (55 өлкөдөн).

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...