Акыркы макалалар

Кыргызстан-Өзбекстан: "Достук" бекети ачылды

Кыргызстан-Өзбекстан: "Достук" бекети ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетин ачуу маалында чек аранын эки тарабында миңдеген адам чогулуп турду.

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан, 2010-жылдагы окуялардан кийин өтүү катаалдаган “Достук” өткөрмө бекетинен чектөөлөр алынды. Бул тууралуу 6-сентябрда бекетти ачуу салтанатына арналган иш-чарада айтылды.

Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, миңдеген тургундар катышты. Ошондой эле өзбек тараптан да бийлик адамдары келген.

Кыргызстан тараптагы салтанаттан кийин Дүйшөнбек Зилалиев баштаган кыргыз делегациясы чек аранын Өзбекстан тарабындагы иш-чарага катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган расмий делегацияны өзбек тарап ыр-бий, шаң менен тосуп алды.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдрахманов бир нече күндөн кийин бул бекет аркылуу эч тоскоолдуксуз өтсө болорун жарыялады:

- Паспортту көрсөтүп өтө бересиңер, телеграмма деген балээ жок болот.

Абдрахмановдун бул айткандарын эл узак кол чабуу менен кубаттап турду.​

Телеграмма болбой турганын Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев да айтты.

6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын 85 пайызын макулдашканы боюнча да документ бар.

Шавкат Мирзиёевди 5-сентябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өзү "Манас" аба бекетинен тосуп алып, бүгүн да өзү узатты. Эки лидердин Бишкектеги жолугушуусу достук жана боордоштук маанайда өттү деп сыпатталууда.

Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугушууда Мирзиёев “Чын эле Анжиянга ээн-эркин каттап калабызбы деп жатышат. Ооба, катташат. Бул үчүн элге шарт түзүшүбүз керек” деп айткан.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 3-4-сентябрда эки өлкөнүн эксперттери Ошто жолугуп, кайсы бекеттерди биринчи кезекте ачса элге ыңгайлуу болорун талкуулаганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күнгө чейин алардын үчөө гана ачык болуп келген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...