Акыркы макалалар

Иса Өмүркулов борбордогу көрктөндүрүү иштери менен таанышты

Иса Өмүркулов борбордогу көрктөндүрүү иштери менен таанышты

27-августта Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардагы Сүйөркулов көчөсүндөгү жол куруу жана Орто - Сай базарындагы көрктөндүрүү иштери менен таанышып чыкты. Аталган жолдун узундугу 1 км 820 метрди түзөт. Жол куруу иштерин «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Учурда жол, суугаруу тармагын оңдоо менен тышкы жарыктандыруу каражаттарын орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.

«Шаар эли Сүйөркулов көчөсүндөгү бактар кыйылат деп кабатыр болушкан эле. Биз да жылдар бою өскөн бактарды кыйуудан алыспыз. Жолду кеңейтүүдө болгону куураган бактарды жок кылып, бутап, жол жээгиндеги павилиондорду алып жатабыз. Жол төрт катарлуу болуп, эки тарабынан сугаруу арыктары салынып, жарыктандырылат. Тротуардын туурасы 2,25 метрди түзөт. Быйылкы жылы жолдорду оңдоо боюнча көлөмдүү иштер аткарылууда. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 45 км жол оңдолмокчу. Жолдордун баары стандартка жооп бериш керек, болбосо биз эксплуатацияга албайбыз. Оңдолуп бүткөн соң, атайын текшерүүдөн өткөрөбүз, кемчиликтер болсо жол куруучу компаниянын эсебинен оңдолот. Эгерде ушундай деңгелдээ иштесек 1-2 жылда борбордогу көчөлөрдүн сапаты бир кыйла илгерилейт эле», - дейт Иса Өмүркулов.

ЖЧК “Технотоп” жол куруу компаниясынын директору Евгений Тимошенко: ”Бул жолдун узундугу 1820 метр, ал эми туурасы 15 метр. Мурунку асфальттын үстүн оңдойбуз, ага теңдеп четине жаңы 11 см калыңдыкта асфальт куюлат. Тагыраагы буга чейин көчө 2 катар болсо, эми 4 катар болуп кеңейет. Негизи келишим боюнча 30 - октябрга чейин бүтүрүшүбүз керек, биз азыр жолду өзүбүздүн каражатыбызга куруудабыз. Эми мэрия каражат жагынан көйгөй жаратпай, каржылоо жагын эртерээк колго алса, биз да батыраак бүтүргөнгө аракет кылабыз”.

Ал эми Бишкектеги Орто-Сай базарынын айланасын көрктөндүрүү үчүн аткарылып жаткан иштердин жүрүшүндө жеңилдетилген үлгүдөгү 70 объект алынып салынган. Азыркы учурда Сүйөркулов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...