Акыркы макалалар

Жумадин Кадыров: китеп сатып акча табуунун 3 жолу бар

Жумадин Кадыров: китеп сатып акча табуунун 3 жолу бар

Китеп — маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өткөрүп берүүнүн бирден бир ыкмасы экендиги маалым. Эгерде басмаканалар болбогондо мен-мен деген далай акын-жазуучулардын ой-толгоосу, көз карашы, сүйүү-күйүүсү саргайган барак менен санаа тарткан жүрөктө калмак...

"Улуу тоолор" басмаканасынын жетекчиси, акын жана жазуучу, котормочу Жумадин Кадыров менен журналист Гүлдана Талантбекова китеп дүйнөсүнүн сересинде болушту.

— Сизди китеп менен ашкере дос адам дегенди көп угам. Азыр кандай китепке үңүлүп жатасыз?

— Көбүнесе буйрутма бергендердин китептерин окуганга туура келет. Акын, маркум Алмаш Чойбекованын китеби чыкмак эле, ошону карап жатам. Бир мезгилде бир нече китеп окуганга туура келет.

— Эринбей баарын карап чыга бересизби?

— Антип айтсам туура эмес болуп калат. Мага жаккан, купулума толгон китептерди сөзсүз окуйм. Олуттуу китептерди өзүмдүн колуман өткөрөм. Бизде жылына 200гө чукул түрдүү аталыштагы китеп чыгат. Бир жылда бардык китепти карап бүтүрүүгө жетишкен болсом, анда китеп окуу боюнча рекорд жаратып жибермекмин да.

— Китепти окумайынча купулуңа толгонун билүү мүмкүн эмес. Анан китептин кызыктуу экенин, аны сөзсүз окуш керек экендигин кантип билесиз?

— Туям… Тамаша. Ошол автор же китеп жөнүндө мурда маалыматың болот. Бир күндө ишиме же жеке кызыкчылыгыма байланыштуу эки сааттан китеп окуганга туура келет. Негизи китептер окулушу боюнча үчкө бөлүнөт: керектүү, кызыктуу жана баалуу. Керектүү китептерге окуу, илим-билимге байланыштуу эмгектер кирет, аны турмушуңда сөзсүз колдоносуң. Маселен, жол эрежеси, тил үйрөнүүнүн тартиби болушу мүмкүн. Кызыктуу китептерде драма, фантастика, детектив, жомок, курч окуялар коштолот. Баалуу китептер — адамдын жашоого болгон көз карашын, оюн, дүйнө таанымын өзгөртүп, жаңы деңгээлге жетелеп отуруп өзүн таануу абалына келтире турган адабияттар. Алар диний жана эзотерикалык китептер. Демек, окурмандар дагы үч топтон турат.

— Биздин замандаштар аталган топтогу окурмандардын кайсынысына кирет?

— Биринчи эки топко көп ыкташат. Кийинки мезгилде базар экономикасы кулач алып, анын мыйзамдары орноп, жашоодогу баалуулуктар алмашып, өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгына байланыштуу жан дүйнөбүз боюнча дагы бөлүндүк. Ашкере акылман жана ашкере түркөй адамдар пайда болду. Бирок таптакыр китеп окубаган киши деле маалыматты китеп аркылуу алышы мүмкүн.

— Кайсы бир учурда жан дүйнөңүздү өзгөртө алган китептер болдубу?

— Эгер бала кезден тарта ала турган болсом, 9-класста орустун адабий сынчысы Виссарион Белинскийдин акын Александр Пушкин жөнүндө бир нече макаласын, ой-толгоолорун окуп жан дүйнөмдө бир бурулуш болгон. 1992-жылы Бишкекке жаңы келгенде америкалык жазуучу Карлос Кастанеданын "Бөтөн дүйнөлөрдүн эшиги" аттуу китебин окудум. Ал китеп 1960-жылы эле чыгып, далай окурмандарын топтоптур. Бизге ошол кездеги "темир тордон" кире албай жүрүптүр. Илгери адабияттарга идеологиялык кысым болгону маалым. Китеп чындыгында жан дүйнөмө бурулуш жасай алды. Ошол мезгилге катар индиялык мистик Ошо Раджништин "Жизнь, смерт, смех" деген китебин колго алдым. Аны мага китеп саткан Гена аттуу мырза "ушуну сага карызга деле карматам. Жакса акчасын, жакпаса китептин өзүн алып кел" деп берген. Ошондо Ошко командировкага бараткам. Учак көтөрүлгөндө китепти окуп баштагам, учак жерге түшкөндө окуп бүтүп койдум. Жерге түшкөндө жан дүйнөмдө дагы бир өзгөрүү пайда болду. Генага акчасын кайтаруу менен ыраазычылыгымды билдирип, ошол эле автордун "Ак лотос" жана "Кызгылт сары китебин" сатып алып, ичиндегилерин "жутуп" ийгендей эле болдум. Мен түшүнөйүн деп акылымдын күчү жетпеген айрым маселелерди чече алдым. Өзгөчө "Ак лотосту" окуганда жан дүйнөм аңтар-теңтер болуп эле жатып калды.

— Анчалык эмне окуя бар экен?

— Жок, окуя эмес. Жашоого керектүү кеп-кеңештер арбын. Чектелген көз караштардан арылып, жашоого болгон суроолорго жооп, кереги жок сапаттардан арылып, эркиндикке чыккандай эле болдум. Анан ичимен күлүп жүрдүм. Китеп дүйнөсү чексиз, таң калып бүтүүнүн аягы болбосо керек.

— Бир күндө канчалык китеп окуганга дареметиңиз жетет?

— Бала кезде жөн гана окуяны кубалап окучумун. Бир күндө бир китепти бүтүрүп койгон учурлар болгон. Окуу жайда болсо сабактын талабына ылайык экзаменге чейин бир нече китеп окуганга жетишишиң керек эле. Анан тез окуган ыкманы колдончумун. Биздин көздүн алкагына эки-үч гана сөз батышы мүмкүн. Мен төрт сапты бир чоң афишаны карагандай түшүнүп койчумун. Аны менен көп адабиятты окудум. Бирок китептин маанисин унутуп калат экенсиң. Ар бир сөздүн орду, кызматы бар экендигин түшүнүп, кийин ал ыкмадан баш тарттым. Азыр күнүгө бир-эки сааттан китеп окуп турганга аракет кылам. Бала кезде окуган китептерди кайра окуганга туура келип жатат. Себеби ал кездеги көз караш менен учурдагы көз карашты салыштырууга мүмкүн эмес.

— Түшүнүктүү. Анан кантип китеп чыгарууга өттүңүз?

— Мен китеп чыгарып калам деп эч качан ойлогон эмесмин. Келечекте китеп окуп, чыгарма жазам дегендей ойлор менен жашап жүргөн элем. Турмушта кантип курсагымды тойгузум деген ачуу маселелер тууралуу ойлонбоптурмун. Адегенде журналист болуп "Аалам" аттуу эркин гезитте эки жыл иштедим. Аз убакытта чоң ийгиликтерди жаратып, жумасына 50 миң нуска менен чыгарчубуз. Кийин ал гезит жабылып калып, "Тулпар" журналында редактордун орун басары болуп иштедим. Айрым шартка байланыштуу ал да жабылып калды. Анан Ош базарынын кире беришиндеги арканын түбүндө жумасына бир эки-жолу чыгып китеп сатып жүрдүм. Түшкөн каражатымды жол кире, тамак-ашка жеткирип, кайра эле китеп окууга киришчүмүн. Китепти сатканды билгенден кийин, демек, китепти чыгарганды деле үйрөнсө болсо керек деп ойлоп жүрдүм. Бир жылдай авторлордун китептерин алып, басмаканага берип ортомчулук кылып иштедим. 1997-жылдан тарта "Бийиктик" аттуу басмакананы ачтым. Мени бул ишке турмуш алып келди. Кийин ишти жөнгө салып, мамилелер түзүлүп, байланыштар пайда болгондо адабиятты жана маданиятты коомчулукка жайылтуу үчүн кызыктуу, керектүү жана баалуу китептерди мүмкүн болушунча арбын чыгарып жайылтыш керек деген максаттар пайда болду.

— Азыр "Бийиктик" басмаканасы "Улуу тоолор" болуп өзгөргөн…

— 2014-жылы "Бийиктикки" жапканбыз. Иштин жүрүшүндө кандайдыр бир катачылыктар кетет. Биринчиден, ошолордун бардыгынан тазаланып алалы деген ой менен, экинчиден "Айкөл Манас" дастанынын 10 томдугу чыкканда аны түшүнбөгөн айрым замандаштар асылып туруп алышты. "Буларды текшериш керек, чет өлкөдөн кимдир-бирөөлөр каржылашы мүмкүн" деген жалган жалааны жаба беришти. Ушундай дооматтардан да биротоло кутулалы деген ой менен "Бийиктикти" жаап койдук. Жаңы ишкана ачканыбызга деле үч жыл болуп калды.

— Китеп чыгаруунун жол-жобосу тууралуу айта кетсеңиз?

— Адегенде авторлор китеп чыгаруу суроосу менен кайрылган убакта мүмкүнчүлүктөрүн сурап, каалоолорун эске алабыз, мыйзам тыйган нерселердин бар-жогун текшерүү ниетинде мазмуну менен таанышып чыгабыз. Анан убакытты белгилеп алып иш жүргүзө беребиз.

— Кандайдыр бир себептер менен китеп чыгарып берүүдөн баш тартып койгон учурлар болдубу?

— Акаевдин убагында аны жамандаган макалалардын жыйынтыгы топтолгон материалды китеп кылып чыгарып бергиле деп калышты. Ошол учурда өзүбүзгө сөз тийбесин деген таризде чыгаргандан баш тартып, коркоктукка салып коюптурмун. Азыр кооптонбой эле койсом болмок экен деп ойлоп калам. Мага чейин Акаевди сындаган макалалар башка жактарга көп эле чыгып жүрүптүр. Анын автору Жыпар Жекшеев агай болчу. Китеби башка жактан чыгыптыр. Кийин анан жолукканда "алгандан коркпойсуңбу" деп уяткарып, китебин колума карматкан. Бир жолу Аксы окуясы тууралуу жазылган китепти да чыгарып берүүдөн баш тарткам. Китепке карата чуулгандуу окуя болсо анын автору жана басып берген басмакана жоопкер болот.

— Китеп басып чыгаруу менен финансылык өксүктөрдү толтурууга канчалык мүмкүн?

— Киреше түшкөн үчүн 20 жылдан бери иштеп жатсак керек. Бирок канчалык түшөт, маселе ошондо. Жолдору, формулалары бар. Үч багытта иш алып барабыз. Жалаң автордун каражаты менен иштейбиз, же өзүбүздүн каражатты жумшап чыгарган китепти сатыкка коёбуз, же мамлекеттик буйрутмаларга катышабыз. Бишкекте абдан көп басмаканалар бар, бирок басмалар аз. Басма электрондук вариантын даярдайт, кагаз түрүндө китепти басмакана даярдайт. Чет өлкөдө бул эки багыт өзүнчө өнүгөт.

— Интернеттин өнүгүшү китеп окурмандарынын санын чектеп жаткан жокпу?

— Биз азыр илим менен техниканын прогрессинен салыштырмалуу кыйла эле арттабыз. Элдин баары эле компьютерге ээ болуп, интернетке кирип кеткен жок. Кайсы бир замандаштар интернетке кирген бойдон чыкпай калды, кайсы бир замандаштар али интернетке кире элек жана көнгөн адаты боюнча кагаз түрүндөгү китепти окумайынча канааттанбайт. Келечек интернеттики. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бардыгыбыз интернет желесине өткөнгө туура келет. Себеби жер планетасындагы экологияны сактап калыш үчүн кагазды колдонуудан баш тартышыбыз керек.

— Түшүнүктүү, агай. Китеп дүйнөсү эбегейсиз түшүнүк. Маекти үй-бүлөңүз тууралуу суроо жыйынтыктасын.

— 1997-жылы туура отуз жашымда үйлөнгөм. Аймира Рустемова деген келинчегим бар, чыгармачыл адам. 19 жаштагы Эмир аттуу уулубуз бар. Университетте роман-герман факультетинин француз тилин окуп, туристтерге гиддик кызмат көрсөтөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...