Акыркы макалалар

Шайлоо: Бабанов 48 млн, Жээнбеков 9 млн, Төрөбаев 2,5 млн сом сарптады

Шайлоо: Бабанов 48 млн, Жээнбеков 9 млн, Төрөбаев 2,5 млн сом сарптады

Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлигин коюп жаткандардын шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 28-августка карата маалыматты жарыялады.

Ага ылайык президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо фондуна туура 52 млн 200 миң сом түшүп анын 48 млн сомдон ашыгын коротконго жетишкен. Учурда анын капчыгында 4 млн сомдон көбүрөөк каражат бар. Муну менен Бабанов шайлоодо эң көп каражат сарптаган талапкерлердин көч башында турат.

Ал эми бийликчил Социал-демократтардын талапкери Сооронбай Жээнбековдун фондуна 29 млн 250 миң сом түшсө анын 9 млн сомго жакыны сарпталып, 20 млн сомдон ашык каражаты сакталып турат. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы талапкер кылып көрсөткөн Бакыт Төрөбаевдин шайлоо фондуна 26 млн 680 миң сом каражат которулса, анын 2,5 млн сомдон көбүрөөгү сарпталып, капчыгында 24 млн сомдон ашык каражат калган.

Капчыктуулардын катарын мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев дагы толуктайт. Анын фондуна 14 млн сом салынып, 6 млн сомдон ашыгы чыгымдалса, калганы 7 млн сомдон ашык сумманы түзөт.

Мыйзам талабы боюнча президенттик шайлоого ат салышам дегендер милдеттүү түрдө шайлоо фондун ачууга тийиш. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр боюнча фондго которулчу каражат чектелбейт. БШК ар жума сайын алардын акча кыймылы тууралуу маалыматты расмий сайтына чыгарып турат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Башта президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн БШКга 59 жаран арыз берип учурда 24 киши калды. Ал эми президенттикке расмий түрдө талапкер болуп каттоого алынып мандат алган алты талапкер бар. Талапкерлердин акыркы тизмеси 9-сентябрда жарыяланат.

Төмөндөгү шилтемеден президенттикке ат салышууга камынып жаткандардын шайлоо фонду тууралуу таблицаны көро аласыздар - http://maralfm.kg/archives/246592

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...