Акыркы макалалар

Кыргызстандын эгемендик алганына 26 жыл толду

Кыргызстандын эгемендик алганына 26 жыл толду

Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн майрамдык иш-чаралар белгиленет. Өлкөдө бүгүн дем алыш.

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чаралар болот, салтанат саат 10до расмий ачылат. Шаардын бардык райондорунда, соода борборлордо да оюн-зооктор, концерттер, улуттук оюндар уюштурулат.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...