Акыркы макалалар

Жеке банктар берген насыялардын пайызы түштү

Жеке банктар берген насыялардын пайызы түштү

Улуттук банк акыркы 9 айдан бери эсептик чен өлчөмдү 5 пайызда кармап турат. Жыйынтыктары азыркы тапта коммерциялык банктар берген насыялардын пайыздык чендеринде түшүүлөр бар. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 8 пайызды көрсөтүүдө.

Былтыркы жылдан тарта Кыргызстандын башкы банкы акча-кредиттик саясатын жумшарткан. Же башкача айтканда эсептик чен өлчөмдү он пайыздан 5 пайызга чейин түшүргөн. Мындай абал акыркы 9 айдан бери кармалып турат. Жыйынтыктары коммерциялык банктар берген насыянын пайыздарында байкалып калганын улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу Нурбек Жеңиш журналисттерге кабарлады. Анын айтымында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 27 %дан 19 пайызга түштү. Айырма дээрлик 8 пайызга бар.

—Биз акча кредиттик саясатты жумшартканбыз. Эсептик чен өлчөмдү 5 пайызга түшүргөнбүз. Бул кандай натыйжаларга алып келди… Биринчиден биздин коммерциялык банктар тараптан берилген насыялардын пайыздары төмөндөдү. Мисалы 2016-жылы сом менен берилген насыялардын пайыздык өлчөмү 27 пайыз болсо, азыркы күндө 19 пайыз. Натыйжада 8 пайыз төмөндөдү.

Насыя алуудагы пайыздык түшүүлөр ишкерлерге дагы сезиле баштады. Алардын бири Кубат Касенов 2011-жылдан бери Кыргызстанда жеке ишкердикти өз алдынча баштаган. Алты жылдан бери жылына ири суммадагы насыяларды алып келет. Ишкердин айтымында Кыргызстанда берилген насыялардын пайыздык көрсөткүчтөрү өтө жогору. Анткен менен мындан төрт ай мурун алган насыянын пайызы мурункуга салыштырганда төрт пайызга түшкөнүн Маралга билдирди.

-2011-жылдан бери насыя алып келе жатам. Башында 30 пайыз менен алгам. Ал эми акыркы 4 ай мурун алган насыямды 17 пайыз менен алдым. Мурункуга салыштырмалуу жакшы эле түштү. Бирок башка мамлекеттерге салыштырмалуу дагы деле жогору.

Мындай пайыздык түшүүлөрдү экономист Эркин Абдразаков дагы ылдыйлатуу керек деп эсептейт. Ал үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду сыяктуу булактардын каражаттарын мамлеккет колдонуп, пайда таап калышы керек. Бирок азыр бул багытта иш толук жүргөн жок деп сынга алат. Андыктан эсептик чен өлчөмдү улуттук банк эмес, мигранттардан келген каражаттар кармап турганын төмөнкүчө ырастып берди.

—Башында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна келген акчаларды мамлекет өзүнө акча табууга багытталгандай көрүнүп калды эле. Мында өзүбүздүн сом сырттан кирбегенден кийин, менчик акчаны 6-7 пайыз менен деле берсе болмок. Бирок мурунку эле көнгөн адат менен коммерциялык банктарды байытыш үчүн берип жатышат. Эсептик чен өлчөм мигранттар которгон акчалардын эсебинен эле кармалып турат.

Анткен менен өлкөнүн банк башкармалыгы акыркы жети айга карата экономикалык өсүштөр бар экенин айтууда. Башкы себеп, мигранттардан акча которуулар жана Кыргызстандын негизги өнөктөш мамлекеттердеги туруктуулуктун сакталышы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...