Акыркы макалалар

АТАМБАЕВ КСДПнын БАШЫНА КАЙРАДАН КЕЛЕТ

АТАМБАЕВ КСДПнын БАШЫНА КАЙРАДАН КЕЛЕТ

Алмазбек Атамбаев өзүнүн партиясынын тизгинин башка бирөөгө эч качан ыраа көргөн эмес. Президенттигинин алты жылында дагы ал КСДПны толук бойдон көмүскө башкарып турду.

Эми ачык түрдө партиясынын жошбашчылыгына кайрадан келээрин 28-августта Чоң-Алай районунда жергиликтүү калк менен жолугушуусунда «Партиялаштарым мени партиянын лидерлигине шайлап алабыз деп жатышат” деп ачык эле айтты. Демек, президенттик шайлоодон кийин эле Алмазбек Атамбаев КСДПнын башына расмий түрдө келип, алдыдагы парламенттик шайлоого кам көрө баштайт…

Баса, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин бир дагы мамлекеттик кызматты ээлебейт. Бул туурасында ал түштүккө сапарында шардана кылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...