Акыркы макалалар

Ошто сөөгү таштандыдан табылган аялдын өлүмүнө келини шектелүүдө

Ошто сөөгү таштандыдан табылган аялдын өлүмүнө келини шектелүүдө

Ош шаарында башы кесилген денеси таштанды челекке ташталган аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул оор кылмышка каза болгон аялдын 1990-жылы туулган келини жана анын эжеси шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августка Ош шаардык милициясы билдирди.

Эске сала кетсек. 27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан 40-55 жаштар чамасындагы аялдын башы жок денеси табылган. Расмий билдирүү боюнча, анын бутун да кескилөөгө аракет кылышкан.

Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон туш кийиз, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...