Акыркы макалалар

"Ош электр" мекемесинде бирдиктүү терезе бөлүмү ачылды

"Ош электр" ишканасы кардарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында бирдиктүү терезе бөлүмүн ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул бөлүм жарандардын электр кубатына байланыштуу кайрылууларын, көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, жардам көрсөтүү үчүн ачылган.

"Акыркы эки айдын ичинде бөлүмгө жалпы 800дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн. Алар келишим түзүү, жаңы салынган үйлөрдү каттоо, электр эсептегичтерди алмаштыруу боюнча жана үйдүн сыртына чыгаруу боюнча кайрылышкан", — деп билдирген мекеменин бирдиктүү терезе бөлүмүнүн жетекчиси Үсөнбек Айтбаев.

Шаар тургундары бирдиктүү терезе бөлүмүнө 03656 8 50 86 номуру аркылуу кайрылса болот.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...