Акыркы макалалар

Жалал-Абадда "Сапаттуу жазалы" акциясы өткөрүлүп жатат

Жалал-Абадда "Сапаттуу жазалы" акциясы өткөрүлүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканаларынын кызмактерлеринин арасында кыргыз тилиндеги иш кагаздары канчалык деңгээлде туура жазылып жаткандыгын билүү максатында "Сапаттуу жазалы" акциясы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак жалпы мекеме-ишканалар арасында өткөрүлүп, сынактын максаты кыргыз тилин өнүктүрүү жана жалпы иш кагаздарын кыргыз тилинде сапаттуу жүргүзүүгө багытталган.

КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Үпөл Асаналиеванын айтымында, шаар аймагындагы мекеме-ишканаларда иш кагаздары менен иштеген тиешелүү адистер чакырылган.

“Акцияга 50дөй кызматкер келип катышышты. Биз бул акция менен гана чектелбестен ар тараптуу башка да иш-чараларды уюштурабыз. Муну менен биз жергиликтүү бийликтерде иштеген кызматкерлердин мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде канчалык деңгээлде даярдап жатышканын билебиз”, - дейт ал.

Акция мындан ары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында жат жазуу алуу менен улантылат. Жыйынтыгы 23-сентябрда бегиленүүчү мамлекеттик тил майрамына карата чыгарылып, өзгөчөлөнгөндөргө атайын баалуу белектер тапшырылат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...