Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДГА 154 МУГАЛИМ КЕРЕК

ЖАЛАЛ-АБАДГА 154 МУГАЛИМ КЕРЕК

Жалал-Абад облусу боюнча 154 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу 2017-2018-окуу жылына карата даярдык маселеси каралган коллегиясында айтылды.

Жетишсиз педагогикалык кадрлар боюнча эң алдыңкы Токтогул, Ноокен, Сузак райондору турат. Буларда 20 дан ашуун мугалим жетишпейт. Ал эми облус боюнча жалпы саны 154 кадр жетишсиз. Аталган маселеге карата Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын күнөөлөдү.

“Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү бирдикте жогорку окуу жайлары менен кызматташуу алып барбайсыздар. Быйылкы жылы 1 337 ар тармактагы педагогикалык кадрлар окууну бүтүштү. А сиздер 154 мугалимди толтура албайсыз. Бул билим берүү бөлүмүнүн кемчилиги”.

Ошондой эле Ы.Ызабеков кадр жетишсиздик кемчилигин жоюу боюнча Жалал-Абад облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Токтосуновго алгылыктуу иш алып баруусун дайындады.

Кошумчалай кетсек, быйыл 584 мугалим жумушка кабыл алынган.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...