Акыркы макалалар

“Көгүлтүр отундун” баркы жана баасы

Бакай Сасыкулов

Ушул жылдын 26-июлунда Москвада кыргыз-орус өкмөттөр ортосунда газ тармагында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Ага ылайык Кыргызстандын “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун байлыгы, мүлкү, ага кошулуп карыздары толугу менен 25 жылга орусиялык “Газпром” ачык акционердик коомуна өтүп, мындан ары “көгүлтүр отун” маселеси кыргыз бийлигинин баш оорусуна айланбай турганы жарыя кылынган. Келишимге кол коюларда акырындап газ акысы арзандай берери, орусиялык адистер Кыргызстан аймагынан газ чалгындоо жумуштарын жүргүзүшөрү маалымдалган. Кыргызстан бүтүндөй бир тармагын орусиялык лөк компанияга 1 АКШ долларына баалап беришинин маани-жайы ушинтип чечмеленген. Кол коюлган келишимге ылайык Кыргызстанда орусиялык компаниянын атынан иш жүргүзүүчү жоопкерчилиги чектелүү коом түзүлүшү керек. “Кыргызгазга” тиешелүү чарбага ээ чыкчу компаниянын негизги милдети - Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу, жыл сайын маал-маалы менен кайталанчу газды бууп салмай, токтотуп коймой, “көгүлтүр отунду” коңшуларга саясий таасир көрсөтчү каражатка айлантуу өнөкөтүн кан буугандай токтотуп, кардарларга отунду үзгүлтүксүз берип туруу, бир сөз менен айтканда, кыйладан бери кыргыз бийлигинин баш оорусуна айланып келаткан маселени дүңүнөн чечип берүү. Кыргызстан эгемендигин ээрчий келген экономикалык өз алдынчалык жалаң газ тармагы эмес, мамлекет ээлигиндеги башка компаниялар үчүн деле оор сыноо болгону, жаңы шарт-жагдайларда ишти уюштуруу маселесине келгенде бул жаатта ийгиликке караганда өксүктөрү арбын чыкканы эч кимге жашыруун деле эмес. Газ тармагын кыйла жылдардан бери уурулук өнөкөтү аксатып, керектөөчүлөрдөн карыз акчаны убагында кайтаруу маселеси да кыйын маселеге айланып келатканы жалпыга маалым. “Көгүлтүр отун” Кыргызстанда айрым ири ишканалар менен менен көбүнесе шаар калкы пайдаланып келаткан түтүнү, ышы жок керемет энергия. Өлкөнүн өзүнөн чыкчу газ кендери өтө эле аз, жалпы керектөөнүн ал 2 пайызга жетпеген гана өлчөмүн жабат.

Экономикалык маселелер саясий өн-түс алып кетүүдө

Өзбекстандан келчү “көгүлтүр отундун” баасы жыл санап кымбаттап, дүйнөлүк баага теңешкени менен кыш күрөөдө өчүрүлүп берилбей калышы да көнүмүшкө айланып баратат. Коңшу өлкөлөр ортосундагы экономикалык маселелер көпчүлүк учурда саясий өң-түс алып, энергетикалык көйгөйлөр таасир көрсөтүүнүн ынгайлуу куралына айланууда. Иши кылып, “Кыргызгаз” ачык акционердик коомун болгон дүйнө-мүлкү менен орусиялык ири компанияга өткөрүп берүү Кыргызстанды бир топ баш оорулардан арылтышы мүмкүн. Ошол эле учурда кол коюлган келишимдин артына катылган дагы бир суроо көпчүлүктү ойлонтпой койбойт. Ишин ийгиликтүү жөндөй албаган ишкананы толтура байлыгы менен орусиялык лөк компанияга өткөрүп берүү өлкөнүн коопсуздугуна, өз алдынчалыгына коркунуч келтирбейби? Бул суроого азырынча так жооп бериле элек, жакын арада берилиши да күмөн. Экономикалык өз алдынчалык тууралуу кеп болордо “Кыргызгаздын” “Газпромго” 1 долларга сатылышы айла кеткендиктен, кардарлардын карызын убагында өндүрүп ала албаган компания өкмөттөн насыя суроого мажбур экенин алдыга жүйөө катары салчулар четтен чыгат. Тармактын ишин жакшылап жөндөп кете албаган мыкты уюштуруучунун жоктугунан компаниянын иши карыздарды кантип жабуунун амал-аргасын издөөгө бурулуп, кыйла жылдардан бери абал оңолбой келаткан.

Баш оору кайра башталбайбы?

“Кыргызгазга” карыз болгон кардарлардын анабашында көбүнесе бюджеттик мекемелер турчу. Орус-кыргыз өкмөттөр ортолук келишимде кыргыз тарап бюджеттик мекемелердин газ акысын толугу менен убагында төлөп турушу көрсөтүлгөн. Газ тармагын башкаруу, өнүктүрүү милдетин алган орусиялык компания 5 жыл аралыгында 20 миллиарддан кем эмес орус акчасын (613 миллион АКШ доллары) сарптоого ниеттенүүдө. Иши кылып, кыйладан бери иши жүрүшпөй келаткан компаниянын орусиялык ишкерлердин колуна тийгенден кийин карыздарынан кутулуп, кирешелүү тармакка айлана алабы же жокпу, муну алдыдагы убакыт көргөзмөкчү. Ушундай эле абалга туш келген мунайзат базары ошол эле орусиялык “Газпром нефть” компаниясынын ээлигине өткөнү Кыргызстан жаз-күз куйүүчү-майлоочу майды кайдан алыш маселесин ойлончу баш оорусунан арылып, эми ошол жолго газ тармагын өткөрүүдө. Жагдай ушул ыңгайда улана берсе бара-бара отун-энергетика комплекси толугу менен орусиялык ишкананын ээлигине толук өтүп кетиши ыктымал.

16.08.13

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...