Акыркы макалалар

Айсулуу Тыныбекова жарым финалда утулду, эми ал коло үчүн күрөшөт Share шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 19:00 ЖАҢЫЛЫ

  Айсулуу Тыныбекова жарым финалда утулду, эми ал коло үчүн күрөшөт Share шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 19:00 ЖАҢЫЛЫ

Франциянын борбору Париж шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун таймаштары уланууда.

Бүгүн 23-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулуп жатат. Кыргызстандан бул мелдеште Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күч сынашууга чыкты.

58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашып, 4:3 эсебинде жеңишти камсыздады.

Жарым финалда тунистик Марва Амри менен таймашып, ага 7:8 эсебинде утулуп калды. Эми ал коло үчүн кытайлык Нингнинг Ронг менен таймашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Буга чейин бул мелдеште кыргызстандык Назира Марсбек кызы (55 кг) алгачкы беттешинде утулса, Айпери Медет кызы алгач түштүк кореялык атаандашын утуп, 1/8 финалда белорусиялык спортчуга жеңилип калган. Белорус спортчусу финалга чыккандыгына байланыштуу Медет кызына жооткотуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Ал беттеште канадалык Жастина Ренай Ди Стасиого жеңилип (6:4) мелдештен четтеди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...