Акыркы макалалар

Сот "Сентябрдын" ишине тыюу салды


Сот "Сентябрдын" ишине тыюу салды

"Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

Сотко Башкы прокуратура кайрылган. Анын арыздануусуна мурда Жалал-Абадда чыгып турган "Сентябрь" каналында Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат чыкканы негиз болгону айтылды.

Жоопкер тарап катары катышкан Бишкектеги "Сентябрь" санарип каналынын өкүлдөрү мурдагы аналогдук каналга эч тиешеси жок экенин айтышты. Бирок прокурорлор санарип канал мурда Жалал-Абадда иштеп келген "Сентябрдын" негизинде кайра каттоодон өтүп иштеп жаткан маалымат каражаты экенин жүйөө келтиришти.

Былтыр Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Жалал-Абаддагы “Сентябрдын” түз эфири аркылуу сүйлөп жатып Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду "2010-жылы өкмөт бөлгөн үч миллион долларды Июнь окуясына жумшаган болушу мүмкүн" деп айыптап чыккан. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.

Милициянын полковниги Абдылда Капаров 2010-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинен бүгүнкү күнгө чейин премьер-министрлик кызматты аркалады. Ал 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер. Ал эми Асылбек Жээнбеков мурда Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, азыр ал КСДП фракциясынан депутат.

Жалал-Абаддагы “Сентябрь” былтыр жабылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...