Акыркы макалалар

УКМКнын билдирүүсүнө тушташ чуу


УКМКнын билдирүүсүнө тушташ чуу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай ага кылмыш ишин козгоо үчүн тиешелүү материалдар тергөөгө жөнөтүлдү. Бул окуя атайын кызматтын өлкөдөгү ыктымал террордук актыларга байланыштуу элди сак болууга чакырган билдирүүсүнө тушташ эле катталды.

Үстүбүздөгү жылдын 20-августунда түштөн өтүп Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт кызматына белгисиз адам тарабынан Бишкектин чок ортосундагы «Айчүрөк» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Имарат күч органдары тарабынан курчоого алынып саперлер менен кинологдор жеринде иш алып барышып эч кандай жарылуучу зат табышкан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кийинчерээк милицияга жалган маалымат берген жаранды кармап анын иши тергөөгө жөнөтүлгөнүн мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Марал» радиосуна билдирди.

— Имаратты текшерүү учурунда жардыруучу зат же түзүмдөр табылган жок. Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш чараларынын жыйынтыгында 1990-жылы туулган КРнын жараны бул жалган чалууну ишке ашырганы аныкталды. Учурда телефон чалган адамга карата кылмыш ишин козгоо үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.

Азырынча кармалган жаран эмне себептен элди дүрбөткөнү анык эмес. Буга окшогон «телефон террорчусу» Бишкекте биринчи жолу катталган жок. Ушул жылдын апрель айында мас абалындагы киши аялы менен уруша кетип өзү жашаган үйдө бомба бар деген жалган маалымат берген. Андан соң жашы жете элек бала милицияга ойноп ушундай эле мазмунда телефон чалып кармалган.

Бул жолку «Айчүрөк» соода борборуна байланышкан окуя атайын кызматтын Кыргызстандын аймагында террордук коркунуч бар экенин эскертип жарандарды сак болууга чакырган билдирүүсүн утурлай эле катталды. Августтун ортолорунда коопсуздук комитети акыркы кезде террордук иш аракеттер күчөгөнүн эскертип, жарандардан шек жараткан буюм-тайымдарды көргөн учурда УКМК менен милицияга кайрылууну өтүнгөн. Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов элге берилген эскертүү боюнча биз менен ой бөлүштү.

— Маалымат берип коомду даярдаш керек. Бирок, бул мамлекет тарабынан начар жүрүп жатканын көрүп атам. Анан жанагынтип эле коркутуп-үркүтүп элди сак болгула дегени тескерисинче элди чочутат. Бул эмне эшике чыкпа, базарга барга, транспортко отурба же митингке чыкпа деген жашыруун мааниси барбы. Эгерде чын эле коркунуч бар болсо элди үйрөтүш керек.

Кайгуул милициясы дагы ыктымал террордук актыларга байланыштуу 21-августтан тарта шек жараткан автоунаалар текшерилип атайын рейддер сентябрга чейин уланаарын жарыялаган. Августтун башынан тарта сот тарабынан Бишкектеги айрым жерлерге митинг өткөрүүгө тыюу салынышы жана буга окшогон билдирүүлөрдү Марат Иманкулов алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырды.

Коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков коңшу өлкөлөрдө теракт коркунучтарын бийлик өз пайдасына колдонуп келген учурлар бар экенин мисал кылды.

— Террордук коркунуч бар. Бирок, кээде биздин коңшу өлкөлөр ушундай абалды саясатташтырып, анын негизинде тартипти же ар кандай нормативдик мыйзамдарды пайдаланып демократиялык процесстерге бут тосуп тыюу салган учурлар кездешет.

Кыргызстандын мыйзамдарында жалган маалымат берген «телефон террористтерине» үч жылга чейин абакка кесүү же акчалай айып салуу каралган. Акыркы күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети күн алыс эле өлкөдө теракт жасоого аракеттенген деген шек менен жарандарды колго түшүрүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени айтылууда. Атайын кызмат шектүүлөр ал жакта атайын даярдыктан өтүп келген соң Кыргызстанда да террористтик топ түзүү аракетин көрүшөөрүн кабарлайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...