Акыркы макалалар

Австриялык компания Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга кызыгууда

Австриялык компания Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга кызыгууда

Автриялык Andritz Hydro компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, КМШ мамлекеттери боюнча вице-президенти Норберт Шварц Кыргызстанда чакан жана орто ГЭСтерди куруу жаатында кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Бул тууралуу ал Австриядагы Кыргыз элчиси Бакыт Жусупов менен жолугушууда билдирди.

Эске сала кетсек, автриялык Andritz Hydro компаниясы гидротехникалык курулуштарды жана электроэнергия иштеп чыгаруучу технологияны куруу менен иш алып барат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ири, орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча маселе талкууланды.

Ошондой эле, аталган компаниянын Кыргызстанда азыркы тапта иштеп жаткан ГЭСтерди жаңылап өркүндөтүү жана электр энергиясын өндүрүү кубаттулугун жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүгү жана суу резервуарларын электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн пайдалануу боюнча тажрыйбасы ортого салынды. Тараптар компаниянын учурда Кыргызстанда иштеп жаткан долбоорлору тууралуу да баарлашты.

Ошондой эле Andirtz Hydro компаниясы дагы бир автриялык ILF Consulting Engineers Austria GmgH компаниясы Бишкекте өткөрүү пландаган кичи жана орто гидротехникалык курулуштар боюнча семинарга катышууга кызыктар экенин да билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...