Акыркы макалалар

Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн сотко кайрылышты


Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн сотко кайрылышты

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтери БШКнын 17-августтагы чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылышты. Юрист Канатбек Азиздин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сотко арыз 19-августта тапшырылды:

- Бул чечимди БШК Текебаев кыргыз тилинен тест тапшыргандан кийин шашылыш түрдө жыйын куруп, кабыл алды. Анткени, ага чейин 38 миң 643 колдун ичинен 30 миң 607 кол жарактуу деп табылып, кабыл алынган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-августта Өмүрбек Текебаев топтогон кол тамгалар жараксыз деген чечим чыгарган. Мындай чечимдин кабыл алынышына топтолгон 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууда шайлоо мыйзамдары сакталбаганы себеп болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...