Акыркы макалалар

Бишкекте көчөлөрдөгү мыйзамсыз соода жайлары ирээтке келтирилүүдө


Бишкекте көчөлөрдөгү мыйзамсыз соода жайлары ирээтке келтирилүүдө

Бишкек шаарындагы негизги көчөлөрдө жайгашкан мыйзамсыз курулуш материалдарын саткан ишкерлергеIMG_1129 мыйзамдын негизинде иш алып баруу боюнча Мамлекеттик экотехинспекция текшерүү жүргүзүп, ирээтке келтирүү талабын койду.

Тагыраак айтканда, борбор калаадагы Анкара көчөсүндө жана шаардын четиндеги негизги көчөлөрдөгү баш аламан жайгашкан үйлөр, соода сатык жайлары, суюутулган газ сатуучу унаалар жана көнүл ачуучу жайлар жолду таарытып коопту абалды жаратууда. Ошондой эле, ирээтсиз жайгашкан соода сатык жайлары борборго кирип келе жаткан көчөлөрдүн көркүн бузууда. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков шаардын негизги көчөлөрүн ирээтке келтирүү талыбын койду.

Бүгүнкү күндө мындай маселе бир гана Бишкек шаарында эмес жалпы өлкө боюнча катталып келет. 2016-жылдын башталышы менен Республика боюнча негизги жолдорду ирээтке келтирүү аракети көрүлүүдө. Анын негизинде Баткен шаарында, ош шаарында, Талас шаарында жаан Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө бир нече мыйзамсыз жол жээгиндеги соода сатык жайлары жана курулуш сатуучу күркөлөр тазаланып, түрттүрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...