Акыркы макалалар

Кант кызылчасын темир жол менен ташуу акысы 8 эсе кымбаттады


Кант кызылчасын темир жол менен ташуу акысы 8 эсе кымбаттады

Мындай маалыматты «Кайынды-Кант» заводунун аткаруучу директору Тимур Хавазов Маралга билдирди. Буга ЕАЭБ кабыл алган бирдиктүү тарифтин киргизилиши себеп болуп жатат. Ал эми дыйкандар менен алдын ала түзүлгөн келишимде темир жол акысы төмөн көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында ортодогу айырманы завод төлөй турган болсо, ишкана жабылып калуу коркунучу бар.

Үстүбүздөгү жылы кант кызылчасы 18 мин гектарга себилген. Бул аянтты былтыркы жылы менен салыштырганда 7 мин гектарга чоң. Эми толук 15-20 күндөн кийин кызылчаны казып алуу иштери башталат. Учурда Чүй жана Талас облустарыны дыйкандары түшүм жыйноого камданууда. Буга кошумча «Кошой» жана «Кайынды-Кант» заводдорун модернизациялоо иштери дагы жүрүп жатат. Ал үчүн өкмөттөн 5млн доллар бөлүнгөн. Эки заводдун быйылкы күзгө даярдыктары менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков дагы таанышып келди. Анда модернизация иштеринин дээрлик 90 пайызы бүткөнү белгилүү болду. Эми 2017-жылдын 1-октрябрга Кошой заводу кабыл ала баштайт. Ал эми Кайынды заводу сентябрдын башында өз ишин баштайт. Андыктан быйыл Кыргызстанда кант кызылчасын сатуу көйгөйү толук чечилерин айыл чарба министри Нурбек Мурашев «Марал» радиосуна кабарлады.

—Кайыңды-Кант заводу былтыркы жылы толук кубатта иштегенине карабай, быйыл модерницазияга дагы 5млн доллар алып жасап жатабыз. Андан сырткары Кошой заводу реконструкция болуп, буюрса 1-октябрга толук даяр болот. Бул эки заводдун көлөмүн эсептей турган болсок, болжолдуу 1млн тонна кант кызылчасын иштетип чыга алат. Быйылкы жылы талаага себилген кант кызылчасынын көлөмү буга туура келет.

Кызылчаны сатып алууда маселелер чечилди дегени менен түшүм былтыркы жылдагыдай болгон жок. Буга аба-ырайынын ысык себеп болгонун Чүйдө 30гектардан ашык аянтка кызылча сепкен Бактияр Убылкасымов айтат. Өзү кызылча өстүрүү менен 1997-жылдан бери алектенет. Бирок ушул кезге чейин кызылчаны сатуу чечилбес көйгөйгө айланганын биз менен бөлүштү.

—Жылдын башында кант заводдор үрөөн алган гана дыйканга келишимди беребиз деди. Анда көпчүлүк дыйкандар илинбей калды. Кудай сактасын деп башка жактан алынган үрөөндөр эгилди. Бирок бул жерде завод үрөөн албагандардын кызылчасын албай дагы коюусу ыктымал.

Ал эми Кайынды Кант заводунун жетекчилиги дал ошол эки тараптуу түзүлгөн келишимдерден банкротко кептелип калуу коркунучунда турганын «Марал» радиосуна кабарлады. Буга бирдиктүү темир жол тарифтеринин 8 эсеге чейин көтөрүлгөнү себеп болгон. Ал эми дыйкандар менен алдын ала түзүлгөн келишимде темир жол акысы төмөн көрсөтүлгөн болчу. Эми ортодогу айырманы завод төлөй турган болсо, ишкана жабылып калуу коркунучу бар деди, «Кайыңды-Кант» ачык акционерди коомунун аткаруучу директору Тимур Хавазов.

— Азыр бизди эң башкы ойлондуруучу маселе бул бирдиктүү темир жол тарифтери болуп турат. Быйылкы тариф өткөн жылга караганда сегиз эсе кымбат. Эптеп бутубуздан туруп келетканда башка бир койгондой эле болуп калды. Анын үстүнө былтыркы жылы дыйкандар менен кызылчаны сатып алуу боюнча келишим түзүп алганбыз. Анда биздин орточо эсебибиз боюнча кызылчанын 1тоннасы 3450 сомду түзгөн. Эми ортодогу темир жол тарифинде айырма 240млн сомду түзүп калды. Бул биз үчүн өтө эле чоң акча.

Кошумчалай кетсек, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 17-августта, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы дыйкан чарбаларынын жетекчилери менен жолугушкан. Анда кызылчаны сатуу көйгөйү жоюлаарын жана айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске салганы бар.

Маалыматка ылайык Кыргызстанда 500 ашык дыйкан кант кызылчасын өстүрөт.

Үстүбүздөгү жылы анын айдоо аянттары кеңейтилип, өлкөнү кант менен толук камсыздоо планы коюлууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...