Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ АККОРДЕОНЧУЛАР ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ


ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ АККОРДЕОНЧУЛАР ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

Четки аймактардагы жана айылдардагы аккордеончуларга таланттын ачуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Үстүбүздөгү “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы тарабынан “Ойно аккордеон” долбоору болууда. Бул тууралуу аталган ишкананын директорунун орун басары Байгазы Раимкулов билдирди.

“Долбоордун негизинде ЖМТРКнын чыгармачыл тобу облустун баардык район-шаарларын кыдырып “Ойно аккордеон” сынагын өткөрүп келдик. Анда четки аймактардагы, айылдардагы карапайым, көмүскө жана эл ичиндеги таланттарын өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Долбоордун максаты да эл арасындагы талантты бар таанышы жокторду эфирге алып чыгуу болуп эсептелет. Идеяны журналист Маматкадыр Маматалиев көтөрүп чыккан. Идеяны ишке ашырууда облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк колдоо көрсөттү. Ар бир район шаарлардагы маданият бөлүмдөрүнө билдирүү буйруктарын жиберген. Каржы маселесинде камсыздап берди”.

Эскерте кетсек, буга чейин, Жалал-Абад облусунда акындардын, обончу, ырчылар аралык таймаштар болгон менен аккордеончулар үчүн бир да сынак болгон эмес. Бул аккордеон сүйүүчүлөргө алгачкы тушоо кесүү болуп калды.

Учурда долбоор облустун бардык район шаарларын кыдырып келди. Эми аймактардагы өткөрүлгөн иш чараларда тандалып алынган мыктылардын гала-концерти болуусу күтүлөт. Жыйынтыктоочу иш чара жыл аягына пландалууда.

Роза АКМАТЖАН кызы, «Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...