Акыркы макалалар

БЫЙЫЛ ЖАҢГАКТЫН ТҮШҮМҮ ТӨМӨН БОЛУШУ КҮТҮЛҮҮДӨ

БЫЙЫЛ ЖАҢГАКТЫН ТҮШҮМҮ ТӨМӨН БОЛУШУ КҮТҮЛҮҮДӨ

Тоолуу аймактарда жаңгактарды үшүк алып кеткен, ал эми айылдарда түшүмдүүлүк өтө аз.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аяк ченинде жааган кар жаңгактарды үшүккө учураткан. Ага байланыштуу быйылкы жылы жаңгак өтө аз жана түшүмдүүлүгү начар болууда. Алдыда сентябрь айынан жаңгактарды жыйноо иштери башталат. Бирок дыйкандар жыйноочу жаңгактардын жоктугун айтышат. Бул тууралуу Арстанбап-Ата токой чарбасынын жетекчиси Кеңеш Пиназаров төмөнкүлөрдү билдирди.

“Жаңгак аянттары дыйкандарга берилген. Алардан биз жыл сайын уруктукка гана топтоп алабыз. Анткени ар жылы токой аянтын 20 гектарга кеңейтебиз. Мурдагы жылдары ал үчүн 6 тонна жаңгак топтоп алчубуз. Быйыл 3 тоннадай эле жыйначудайбыз. Жаңгак көп жылдык өсүмдүк болгондуктан быйылкы түшүмсүздүк кийинки жылдагы токой аянтын узартууга тоскоол болбойт. Болгону дыйкандарга бир топ зыян болду”.

Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын тургуну Раатбек БЕКБОЕВ жаңгак дыйканчылыгы менен алектенет. Айтымында тоолуу аймактарда такыр эле болбой калса, айылдарда азыраак болгон.

“Менин 3 гектар жаңгак аянтым бар. Жыл сайын 500 килограммдай жаңгак алчумун. Ансыз да дарактарды курт жеп түшүмдүүлүк түшүп бараткан. Быйыл болсо, апрель айынын аягында кар жаап үшүк алды. Кызыл-Үңкүрдүн жогорку зоналарында болбой калган. Ылдыйкы зоналарда азыраак бар”.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунда 40 миң гектар жерде жаңгак өстүрүлөт. 15 жаңгак чарбасы иш жүргүзөт. 2014-2015 – жылдардан бери жаңгактын түшүмдүүлүгү жана чет өлкөгө экспорттоо аз болууда.

Облус боюнча жыл сайын 10 миң тоннадан ашык жаңгак өндүрүлөт. Быйыл жаңгактын үшүк алышы менен бул көрсөткүч бир кыйла төмөндөөсү мүмкүн.

Роза АКМАТЖАН кызы, «Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...