Акыркы макалалар

Сариев: Текебаев-Чотонов боюнча өкүм соттордун көз каранды экенин көрсөттү

Сариев: Текебаев-Чотонов боюнча өкүм соттордун көз каранды экенин көрсөттү

Бул тууралуу "Ак шумкар" партиясынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин 17-августта тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда Кыргызстанда соттор башка бийлик бутактарына дале көз каранды экени, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов боюнча сот өкүмү бул системадагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганы белгиленген.

- Мен да күбө болуп катыштым. Сот отурумдарынын уюштурулушу, маанилүү күбөлөрдүн катышуусуна уруксат бербөө, айыпталып жаткан тараптардын катышуусу жок отурум өткөрүү сыяктуу одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Бул жараян саясатташтырылганы ачык эле көрүнүп турат. Сот да катуу басым алдында болгону шексиз. Кандай өкүм чыгаары эбак эле чечилгендей, - деп жазылган билдирүүдө.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаев менен Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген өтүнүчү да канааттандырылды.

Юристтердин айтымында, эки саясатчынын тергөө абагында отурган жаза мөөнөтү үч күндөн эсептелет. Ошентип алардын кыскарган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.

Башкы прокуратура аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алды деген негизде кылмыш ишин быйыл февралда козгогон. Тергөөнү УКМК жүргүзгөн. Айыпталуучулар муну саясий куугунтук деп атаса, Башкы прокуратура бул иште саясат жок деп эсептейт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...