Акыркы макалалар

МСК: Транспорт каражаттары үчүн салык төлөө 1-сентябрда аяктайт


МСК: Транспорт каражаттары үчүн салык төлөө 1-сентябрда аяктайт

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында транспорт каражаттарына, 2-сентябрда турак үйлөргө, батирлерге жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу өлкөнүн салык кызматы эскертүүдө.

Салыктарды ар кандай банктык мекемелердин кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Аны өз учурунда төлөбөгөндөргө 2 миң сом административдик айып салынат. Мындан тышкары, мөөнөтү өтүп кеткен салык төлөмүнүн ар бир күнү үчүн туум кошуп эсептелет.

МСКнын сайтында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын эсептөө үчүн калькулятор жайгаштырылган. Бул интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар жарандарга салыктын ошол түрү боюнча өзүнүн милдеттенмелерин эсептетөөгө жардам берет.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...