Акыркы макалалар

124 миң жаран жаңы паспорт алды


124 миң жаран жаңы паспорт алды

Кыргызстандын 124 миң жараны жаңы үлгүдөгү паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев “Азаттыкка” маалымдады.

Анын ырасташынча, дагы 76 миң жаран жаңы паспорт алуу үчүн арыз таштаган. Алар берилсе жаңы паспорт алгандардын саны 200 миңге жетет.

Каттоо кызматы биометрикалык каттоонун негизинде жаңы паспорттун үлгүсүн сунуштаган. Анда улутун көрсөткөн графа жок. Бармак изи сыяктуу бардык маалыматтар атайын чипте сакталат. Жаңы паспорттогу улут графасынын алынышы коомчулукта көптөгөн каршылыктарды жаратып келет. Жаңы үлгүдөгү паспорт жыл соңуна чейин акысыз берилет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...