Акыркы макалалар

Текебаев шайлоодон четтетилди


Текебаев шайлоодон четтетилди

10-августтагы сот отурумунда Өмүрбек Текебаевдин жүрөк оорусу кармап, дарыгерлер текшерип жатканын "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Кайыргүл Урумканова "Азаттыкка" кабарлады.

Мындан бир аз мурда прокурорлор "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин үч жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону соттон сураган.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан сот ишинде бүгүн тараптардын жарыш сөзү башталды.

Бул сот иши эл аралык басылмаларда да байма-бай чагылдырылууда.

БШК Текебаевди тил сынагына катыштырбайт

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин юристинин ага кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн үчөө - Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов "Ата Мекен" партиясынын абакта убактылуу кармалып жаткан лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары мамлекеттик тил сынагына катышуусуна шарт түзүп берүүнү колдошсо, 9у ага каршы болушту.

БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун өкүлү Алмаз Асаналиев буларды билдирди:

- Шайлоо мыйзамдарында камакта отурган талапкердин талаптарын кароо процедуралары каралган эмес. БШКдан кыргызтестти өткөрүү үчүн шарт түзүү чечимин кабыл алуу талабы мыйзамга шайкеш келбейт. Соттолуучу макамындагы Текебаевди ташуу, анын ичинде тестке катыштыруу маселеси сотторго тиешелүү. Ошонун негизинде жумушчу топ БШКга талапкер Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбековдун арызынан баш тартууну жана БШКнын кароосуна коюуну сунуштоону ылайык көрөт.

Бирок Боршайкомдун мүчөлөрү Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов жумушчу топтун жазгандары менен алдын ала таанышпай калганын айтышып, бул чечимди мыйзамсыз деп аташты. Ортодо БШКнын башка мүчөлөрү жана жумушчу тобунун өкүлдөрү менен бир топко талаш-тартыш болду.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева каршы болуу себебин мындайча түшүндүрдү:

- Конституциянын 26- беренеси боюнча кылмыш мыйзамдык тартипте далилденмейинче жана сот чечими чыкмайынча ар бир адам күнөөсүз деп эсептелет. Демек өкүм күчүнө киргенге чейин жарандар бардык жарандык укуктарга, анын ичинде Жогорку Кеңешке, президенттикке талапкер болуу укугуна ээ. Жарандар жабык жайда болгондуктан, мамлекеттик тилди билүү тестинен өткөрүү иши жана шайлоо иштерин мамлекет милдеттендирген БШК аткарат. Башка мамлекеттик орган жок.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Ө.Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

“Ата Мекендин” юристтери Текебаевге тест тапшырууга шарт түзүү өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Бирок БШК бул суроону карабай койгон. Кийин Бишкектин район аралык соту, андан соң Жогорку Сот БШКны бул маселени кароого милдеттендирген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоого талапкер болуп катталам дегендер 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өткөнүн ырастаган сертификатын тапшырып, күрөөгө 1 миллион сом коюшу керек. Бул талаптардын бирин эле аткарбагандар талапкер болуп каттала албайт.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү 7-августта 50 миң жарандын кол тамгасын чогултуп, БШКга тапшырышкан.

Эксперттер эмне дейт?

Юрист, мурдагы депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, мыйзамдагы чалкештиктер айынан ушундай жыйынтык чыгып жатат деген пикирде. Осмоновдун айтымында, буга убагында депутаттар, ошол эле Өмүрбек Текебаев маани берген эмес.

- КМШ мамлекеттери үчүн 2002-жылы Кишиневдо атайын эл аралык конвенция кабыл алынган. Ага Кыргызстан да кошулган. Анда “соттун чечими чыккандан кийин абакта жаткан адамдар президенттикке талапкер боло албайт, шайлана албайт” деп жазылган. Андай талап бизде да бар, бирок “соттун өкүмү менен” деген сөздөр жок. Ошондуктан, биздин мыйзам боюнча формалдуу түрдө абактарда, эркинен ажыраткан жерлерде кармалып жаткан адамдар президенттикке шайлана албайт. Менимче, биздин БШК “Президенттерди жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды жетекчиликке алса керек. Бирок ушул мыйзамдар кабыл алынып жатканда биз, укукчулар “эл аралык конвенциялар бар, биздин мыйзамдар ошого ылайык келиши абзел, өзүбүзчө бир сөздү алып же кошуп койгондон мыйзамдын маани-маңызы өзгөрүп жатат, жыйынтыгы жакшы болбойт” деп айтканда депутаттар кулак салбай койгон, арасында Өмүрбек Чиркешович Текебаев да бар эле. Биздин айрым мыйзамдар эл аралык конвенцияларга каршы келет. Текебаевге соттун өкүмү чыга элек, бирок ал тергөө абагында жатат. Ошого такап туруп аны тил комиссиясынан өткөрүүдөн жана каттоодон баш тартып жатса керек да.

Ал эми юрист, мурдагы депутат Чолпон Жакупова БШКнын 10-августтагы чечимин сындап, мыйзамда баары так жазылганын белгиледи:

- Боршайкомдун Текебаевди тил сынагына катыштырбай койгонго укугу жок болчу. Мамлекеттин атынан иштеп жаткан орган катары ага шарт түзүп берүүгө милдеттүү эле. Соттоло элек адамды каттабай коюу же анын талапкерлик укугун бузуу туура эмес. БШК Улуттук коопсуздук комитети менен Жаза аткаруу кызматына Текебаевдин тил сынагынан өтө турган датасы тууралуу маалымдап гана коюуга милдеттүү болчу. Ал эми анын тестке алынып келиниши боюнча маселе жогоруда аталган эки мекемеге тиешелүү эле. Мыйзамда мүчүлүштүктөр бар деген да туура эмес, эч кандай такталбаган жерлер жок. Баары так жазылган.

Саясий серепчи Марс Сариев болсо БШК бул чечими менен азыркы бийликтин кадырына доо кетирди деген ойдо.

- Менимче, Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы бийликке зыян келтирип жатат. Себеби, Текебаевдин рейтингин ого бетер көтөрүп, “азап тарткан адам” кылып көрсөтүп жатат. Төрт саясатчы шайлоого бирге аттанып, алар менен Темир Сариев, башка дагы лидерлер сүйлөшүп жатат. Ошентип топтолуп отуруп чоң оппозиция пайда болуп, бийлик сүрөгөн Сооронбай Жээнбековдун абалы өтө эле начарлап кетиши мүмкүн. Оппозиция, жарандык коом, Чолпон Жакупова, Аликбек Жекшенкулов, Мелис Мырзакматов сыяктуу саясатчылар биригип, блок болуп түзүлүшү мүмкүн.

Дагы бир саясий серепчи Бакыт Бакетаев БШКнын чечимин кубаттап, бул көрүнүш бийликке каршы элди толкутат деген пикирди четке какты:

- Боршайком чечим кабыл алгандан кийин мыйзам боюнча эч ким эч нерсе айта албайт. Эл өзү чечет. Кырдаал курчуйт деп кооптонууга негиз жок. Элдин калың катмары жайбаракат тиричилиги менен жүрөт. Оппозициянын кебетеси бул. Булар же бириге албайт, же программасы жок, элди ээрчитип кете албайт.

Ачкачылык акциясы токтой элек

Ал арада "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин ачкачылык акциясы уланууда. Алар БШКнын бүгүнкү чечиминен кийинки кадамдары кандай болорун азырынча чече элек, талкуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна нааразылык иш-чарасынын катышуучуларынын бири Айбек Султанкулов билдирди.

Өмүрбек Текебаевге президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тил боюнча тест тапшыруусуна уруксат берүүнү талап кылып, Бишкекте беш жана Базар-Коргондо беш адам саясий ачкачылык өнөктүгүнө катышууда.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү бул доону толук четке кагып, сот ишин саясий куугунтук деп баалап келет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...