Акыркы макалалар

АЛА-БУКАДА МЕЧИТТЕРДИН ДААРАТКАНАЛАРЫ ДИЗИНФЕКЦИЯЛАНАТ


АЛА-БУКАДА МЕЧИТТЕРДИН ДААРАТКАНАЛАРЫ ДИЗИНФЕКЦИЯЛАНАТ

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында Ала-Бука райондук “Мухаммад Захид” борбордук мечитинде аталган райондун бардык имамдардын катышуусунда жыйын болуп, жума окулуучу жана Ала-Бука аймагындагы бардык мечиттердин дааратканаларын дизинфекциялык-профилактикалык иш чараларды өткөрүп туруу маселеси каралды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев мечиттин айлана чөйрөлөрүн тазалап, чычкан, келемишке каршы күрөшүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү Санитардык Эпидемиялык Станциянын жетекчиси Адылбек Абдикаримович менен макулдашуу жүргүзүлүп, келишим түзүлүп башталгандыгын айтып, жергиликтүү имамдарды бул боюнча тиешелүү иш чараларды көрүү тапшырмасын берди.

«Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...