Акыркы макалалар

Шайлоо: Тараза ташы кимге оойт?


Шайлоо: Тараза ташы кимге оойт?

Президент болуу ниетин билдирген «Өнүгүү Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, «Ата-Журт Мекенчил» партиясынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков жана «Бүтүн Кыргызстандын» башчысы Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бир талапкер чыгарышаарын жарыялашкан. Келдибеков ажолукка бирдиктүү талапкер дагы тандалганын айтып, бирок аны ачыктаган жок.

Ажолук жарышка аттанган төрт саясатчы жаңы партия түзүп, президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгаарын билдиришкен. Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибековдон турган саясий топ алдыдагы шайлоодо эле эмес мындан аркы дагы саясий иш-чараларда бир болушаарын жарыялашкан. Учурда саясат талдоочулар жаңы биримдик президенттикке кимди алып чыгат деп баш катырып жатышат. Ал арада Келдибеков жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берип, төрт саясатчы бир талапкерге токтолушканын ачыктап, анын атын атоодон баш тарткан.

— Төртөөбүз бир талапкерди чыгарабыз. Биз тандаган талапкер алдыда биз бириккен партиянын кызыкчылыгын коргойт. Азыр президенттикке талапкерлигибизди коюп жаткан төртөөбүз тең кол топтоп жатабыз. Качан үгүт өнөктүгү башталганда бир талапкердин атын атайбыз. Биз биригээрдин алдында баарын чечип койгонбуз. Убактысы келгенде аны элдин баары угат.

«Өнүгүү Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев өзүнүн фейсбуктагы расмий баракчасына жаңы партиянын аталышына сынак жарыялады. Алар партияны каттоодон өткөргөндөн кийин ал партиянын атынан президенттикке талапкер көрсөтүшөөрү белгилүү болгон. Ушундан улам саясат талдоочулар төрт саясатчынын даремети, аларды колдогон электорат тууралуу пикирлерин айтышууда.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев бул тууралуу биз менен ой бөлүшүп, биригүүгө барган саясатчылар Бакыт Төрөбаевди же Адахан Мадумаровду президенттик шайлоодо сүрөйт деп жоромолдоду.

— Бакыт мырза же Адахан мырза экөөнүн бирөөсү чыгат го. Себеби мурдагы шайлоодо мониторинг болгон. Анда Адахан Мадумаров экинчи орунда болуп 15 пайызга жакын элдин добушун алган. Төрөбаев болсо акыркы парламенттик шайлоодо 9-10 пайыздын тегерегинде добуш алды. Муну карап бирөөнүкү 15 пайызга чейин, экинчисиники 10 пайыз деп ойлонушу мүмкүн.

Качкынбаев жаңы саясий топко кирген төрт лидер түштүк аймагынан болоорун эске алганда Адахан Мадумаров шайлоого барышы мүмкүн деген пикирде. Ал муну аталган аймактын улуусуна кичүүсү жол бошотуп берет деген менталитет менен түшүндүрдү.

Президенттике талапкерлигин койгон Темир Сариев дагы төрт саясатчы менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан эле. Бирок, азырынча ал кандай биригүү болот жөн гана кызматташтыкпы же шайлоого бир кишини алып чыгуу боюнча келишимдер болобу анык эмес.

Саясат таануу илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев саясатчылардын шайлоодогу мүмкүнчүлүгү тууралуу буларга токтолду.

— Келдибеков, Ташиев, Мадумаров үчөө мурда бир талапкер чыгарабыз деп айтышкан болчу. Кийин Мадумаров өзүнчө, Ташиев менен Келдибеков өзүнчө арыз беришти. Кайра Бакыт Төрөбаев төртөбүз бирбиз деген сөздү чыгарып атат. Төрөбаевдин мүмкүнчүлүгү аз болуп турат. Анын партиясы парламентте болгону менен көбү КСДПны колдоп атат. Негизи булар Ташиев менен Мадумаров экөөнүн бирөөсүнө токтой албай атышат окшойт.

Талдоочулар Бакыт Төрөбаев менен Адахан Мадумаровдун талапкер болуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилешет. Анын үстүнө Жогорку сот буга чейин Ахматбек Келдибековдун соттуулугу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында жоюларын эскерткен. Бирок, Келдибеков талапкер болууга анын толук укугу бар экенин айтып келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...