Акыркы макалалар

Айбалаев: Анклавдардын тагдырын чечишибиз керек

Айбалаев: Анклавдардын тагдырын чечишибиз керек

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык жумушчу тобу Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерге байланыштуу жолугушуу өткөрүп жатат. 5-августта башталган сүйлөшүүлөр 13-августка чейин созулаарын өкмөттөн кабарлашты. Ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-17-август күндөрү Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтчү өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуусу күтүлүп жатканы да белгилүү болду.

Кыргыз-өзбек чек ара маселесине байланышкан теманын алкагында биз Баткен облусунун мурдагы башчысы Мамат Айбалаев менен маектештик.

Марал: Кыргызстан менен Өзбекстан жыл башынан бери чек ара маселесин талкуулоо үчүн 15 жолу жолугушуу өткөрүшүптүр. Бирок анын жыйынтыктары тууралуу эки өлкөнүн тең расмийлери кенен маалымат бере элек. Сиз чек ара маселесинде жылыштарды көрүп жатасызбы?

Мамат Айбалаев: Менин оюмча, Өзбекстандын жаңы президенти келгенден тартып, чек ара тууралуу сүйлөшүүлөр сөз жүзүндө жүрүп жатат. Мен муну жылыш деп ойлойм.

Марал: Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө расмий билдирүү болбой жатат. Азырынча массалык маалымат каражаттарында да бул тууралуу ачык маалыматтар жок. Мунун сыры эмнеде?

Мамат Айбалаев: Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жакшы. Себеби, азыркы убакта чек араны Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан менен да аягына чейин чечип албаса, азыркы абалды көрүп турасыңар, Орусия менен Украинанын ортосундагы, Сирия, Ирак, Афганистандагы кыймылдарды көрүп турасыңар. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көйгөйдү чечип алышыбыз керек. Болбосо абдан кыйын абалда калабыз. Себеби барган сайын кырдаал татаалдаша берет.

Мисалы, Сох району анклав болуп, Баткен менен Кадамжай районунун ортосунда турат. Кадамжай районунда да бир анклав турат. Кара-Суу районунда Барак деген анклав бар эле, аны да Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда жер бөлүп берип, алар чыгып кетти. 270 гектардан ашык жерибиз анклав бойдон калды. Эми аны өзбектер алып алышабы билбейм, бирок ошол жерди Сох районуна алмаштырыш керек эле. Сох районунда Баткен району, Кадамжай району жагынан абдан чоң маселелер бар. Барак анклавын — 200 гектар жерди бекер эле таштап койбостон ал жердеги көйгөйлөрдү чечиш керек эле.

Марал: Айрым маалыматтарга караганда Өзбекстан тарап чек ара көйгөйүн чечүү үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандагы талаштуу жерлерди алмашуу жолун сунуштап жатыптыр. Бул канчалык ыктуу жол?

Мамат Айбалаев: Барган сайын элдин саны көбөйөт. Жер көйгөйү кыйындайт. Ошондуктан бүгүн аракет кылып Сох районунун тегерегиндеги, Шахимардандын көйгөйлөрүн чечпесе болбойт. Себеби ал жерлерде азыр чек арачылар, аскердик бөлүктөр турат. Анын эмне кереги бар эле? Алар анклав, ал жерде милициялык пост болсо эле жетиштүү. Өзбекстанга ал жердеги абалдан эч кандай коркунуч жок.

Марал: Кыргызстандын аймагындагы жерлердин айрымдарын Өзбекстан документтештирип алган деген сөздөр айтылууда. Өзбекстан тарап жерлер алардын карамагына өткөнүн тастыктаган документтерди дагы көрсөтүп жатат деген маалыматтар бар. Мунун канчалык чындыгы бар?

Мамат Айбалаев: Өзбекстан мурдараак аракет кылып документтерди Орусиядан советтер союзу кулаганда архивден алган деген маалыматтар бар. Бирок буга карабастан бүгүн Өзбекстан менен мамилебиз дурус абалда баратат, бул көйгөйдү ортого салып чечип алыш керек. Жаңы президенттин келгенинен пайдаланып бул маселени чечип алса болот деп ойлойм.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...