Акыркы макалалар

Бишкекте жол белгилерин коюу жана имараттарды жарыктандыруу иштери жүрүп жатат

Бишкекте жол белгилерин коюу жана имараттарды жарыктандыруу иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө жол белгилерин коюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан Аскар Эрдешов маалымдады. Анын айтымында, учурда Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен ЧЧК чейинки аралыгында иштер аяктады. Ошондой эле Жибек - Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө иштер жүргүзүлүүдө.

«Август айынын аягына чейин шаардын борбордук көчөлөрүнө, окуу жайларга, саламаттык сактоо мекемелерине жакынкы көчөлөргө жол белгилери коюлуп бүтөт. Жалпысы 23 108,2 чарчы метр көлөмүндөгү жол белгилерин коюу белгиленүүдө»,- дейт Эрдешов.

Мындан тышкары план боюнча административдик турак жай имараттарын жана соода борборлорун жарыктандыруу иштери да август айынын аягына чейин бүтмөкчү. Түнкүсүн жарыктандырылуучу имараттар шаардын ар бир районунда аныкталган. Бул шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылып, ыңгайлуу шарттарды түзөт жана шаарды көрктөндүрөт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...