Акыркы макалалар

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Наманганда жолугушуу өтүүдө

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Наманганда жолугушуу өтүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүлөрү Наманганда өтүп жатат. Тараптар ушуну менен он бешинчи ирет кезигишти. Расмий маалыматтарга ылайык, жолугушуу 5-13-август күндөргө белгиленген.

2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери ай сайын тигил же бул өлкө аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки өлкөнүн расмийлери тең сүйлөшүүлөр жакшы маанайда жүрүп жатканын, жылыштар бар экенин белгилешет. Бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары белгисиз. Тыянактар тууралуу тууралуу эки тарап тең кеңири маалымат таратпай келүүдө.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө электиги маалымдалган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...