Акыркы макалалар

Талапкер Руслан Жунусов кыргыз тил сынагынан өтпөй калды

Талапкер Руслан Жунусов кыргыз тил сынагынан өтпөй калды

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө кирген талапкер Руслан Жунусов сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Тактап айтканда, 4 субтесттин жыйынтыгында 46,1 гана балл топтогон. Мындан улам Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.

Талапка ылайык, талапкерлер 60 пайыздан кем эмес балл топтошу керек.

Кошумчалай кетсек, бүгүн тест тапшырчулардын арасында талапкер Сооронбай Жээнбеков Сооронбай дагы бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...