Акыркы макалалар

"Альфа Телеком" ишканасынын баасын аныктоо боюнча тендер жарыяланды

"Альфа Телеком" ишканасынын баасын аныктоо боюнча тендер жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бүгүнтөн баштап төрт объектини баалоо үчүн тендер жарыялады. Алардын катарына «Альфа Телеком» ишканасынын 49 пайыздык мамлекетке караштуу үлүшү, "Дастан" ААКнын 98 пайыздык үлүшү, "Манас" аэропортунун кичи терминалынын 12 гектар жер үлүшү жана андан тышкары колдонулбаган жабдууларды сатуу каралмакчы. КР мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз катчысы Элзада Сарбагышеванын берген маалыматында, тендерге көз карандысыз жеке компаниялар бүгүнтөн баштап 6-сентябрга чейин катыша алышмакчы.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...