Акыркы макалалар

Ошто 2 үй жана сулуулук салону толугу менен күйгөн

Ошто 2 үй жана сулуулук салону толугу менен күйгөн

2017-жылдын 3-август күнү саат 23:45 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан бир той салондон өрт чыгып, өрттүн кесепетинен той салон жана 2 турак үй толугу менен күйгөн.

КР ӨКМ билдиргендей, жабыркагандар жок.

Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымы такталууда. Өрттү өчүрүүгө 5 куткаруучулар бөлүмү тартылган.

Дагы бир өрт кырсыгы Өзгөн шаарында 2017-жылдын 3-август күнү саат 21:45 чамасында Рахимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыгып, дүкөндүн жана 2 турак үйдүн чатыры толук күйгөн. Жабыркагандар жок экени маалымдалат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...