Акыркы макалалар

Бишкек шаардык адвокатурасы баш прокурорго кайрылды

Бишкек шаардык адвокатурасы баш прокурорго кайрылды

Бишкек шаардык адвокатурасынын башкы прокурор Индира Жолдубаевага жолдогон кайрылуусунда интернеттеги Youtube каналына 26-июлда жарыяланган эки видеону карап көрүү өтүнүчү жазылган. Адвокаттар Искен Афиджанов, Канат Хасанов жана Чынара Жакупбекованын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты топтоо, пайдалануу жана жайылтуу адвокаттык ишмердүүлүктүн кепилдигине жана алардын кол тийбестигине, мыйзамга каршы келери белгиленген.

Ушул эле каттын көчүрмөсү УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге багытталган.

Бүгүн интернетте "Текебаевдин адвокаттары кантип оорушат" деп аталган эки видео тараган. Тасмалардын биринде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна саламаттыгына байланыштуу катышпай жатканы айтылган адвокаттар Искен Афиджанов менен Канат Хасановдун Бишкектеги кафелердин биринде жолукканы, экинчисинде адвокат Чынара Жакупбекованын баласы менен көчөдө жүргөнү тартылган.

Буга чейин Искен Афиджанов ооруканага жатпай эле дарыланып жатканын, жараянга катыша албай турганын сотко расмий кабарлаганын билдирген. Видеону укук коргоо органдары тарткан деген оюн айтып, муну менен "атайын кызматтар өлкө коопсуздугун камсыздоо боюнча өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткаруу ордуна саясий аңдуулар менен алектенип жатканын дагы бир жолу ырастады" деп жарыялаган. УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү атайын кызматтын видеого тиешеси жоктугун маалымдаган.

Сотто Текебаевдин укугун үч адвокат - Чынара Жакупбекова, Канат Хасанов жана Искен Афиджанов коргоп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...