Акыркы макалалар

Аймактык ооруканалар компьютердик томография менен жабдылат

Саламаттык сактоо министрлиги кезектеги жыйынында аймактык ооруканаларды компьютердик томография менен жабдуу маселесин карады.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө министрликтин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева аймактык ооруканалардагы компьютердик томографиялардын эскилиги жетип, жарактан чыгып калган. Ал эми Нарын жана Баткен облустарында аталган аппараттар таптакыр болгон эмес.

“Мындан улам аталган облустардагы ооруканаларды компьютердик томография менен жабдуу зарыл. Аталган аппарат ишке киргенден кийин, текшерүүнүн болжолдуу баасы 2300 сомдон 4000 сомго чейин болот”,-деди Кийизбаева.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...