Акыркы макалалар

Элет жериндеги англис тилчи мугалимдер окутула баштады

Элет жериндеги англис тилчи мугалимдер окутула баштады

Билим берүү жана илим министрлиги аймактардагы англис тилинен сабак берген 2435 мугалимдин тил билүү билимин жогорулатуу боюнча окутууларды өтүүдө. Окутуулар “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси менен биргеликте уюштурулат. Жаңы окуу жылына 5-класстарга англис тилин өтүү боюнча жаңы окуу комплекси иштелип чыгат. Бул максатта бюджеттен 33 миллион сом бөлүнгөн. Эске салсак, мурдараак жаңы окуу жылынан тарта англис тили күн сайын бир сааттан окутулаары айтылган. Бул теманын алкагында, деги эле аймактардагы мектептерде чет тилдерин окутуу базасы кандай, аны өзгөртүүгө зарылчылык жаралдыбы, ушул суроолор алкагында “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Нурлан Кудайбердиев менен «Күн чекит» программасында маектештик.

Билим берүү жана илим министрлиги «Сапат» билим берүү мекемеси менен чогуу, элет жериндеги англис тилчи мугалимдерди окутат деп айтылып жатат. Бул идея кандай зарылчылыктан улам жаралды, башкача айтканда аларды окутууга муктаждык барбы?

Бул демилгени бир канча депутаттар көтөрүп чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги 5-класстардан баштап ушул чоң долбоорду баштоону чечти. Биз программасы боюнча сунуштарды берип жатабыз. Окутуулар “Сапат” билим берүү мекемесинин базасында өтүп жатат.

Азыркы күндө мектептердеги англис тилин окутуу программасын, окуу китептерин карап чыгып, аны кантип ишке ашыруу боюнча эксперттер иш алып барууда. Менин билишимче, 80ге жакын тренер “Сапат” билим берүү мекемелеринин базасында элет жериндеги англис тилинен окуткан 5-класстын мугалимдерине семинар-тренингдерди өтүүдө. 3-4-5 күндөн өтүлүп жатат, башталганына эки күн болду. Ар бир облуска топтор бөлүнгөн. Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад , Талас, Баткен облустарында өтөт.

Бул аракет азыркы күндүн талабы. Себеби башка өлкөлөрдү билесиздер, мисалы Казакстан англис тилин үйрөнүү боюнча жаңы инновациялык технологияларды киргизүүгө аракет жасоодо. Менин оюмда бул туура саясат, туура чечим.

Мындан кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн?

Азыр глобалдашкан дүйнөдө бардык жерде англис тили талап кылынып жатат. Ал эми биздин аймактардагы мектептердеги англис тилин окутуу усулдары, окуу китептери, мугалимдердин методикалары көбүнчө советтер союзунан калган. Алар азыркы замандын талабына жооп бербей жатат. Ошондуктан министрликтин бул кадамы инновациялык кадам, сөзсүз мындан жакшы жыйынтык чыгат. Буюрса, 4-5 жылда үзүрүн көрүп калабыз.

Тилди дайыма сүйлөп жүрбөсө, дайыма практикада колдонбосо унутуп калуу тобокелчилиги бар. Муну жоюу үчүн эмне кылыш керек? Бул тажрыйба эл аралык мектептерде кандай?

Англис тилин жакшы үйрөтүү үчүн эң негизгиси ошол тилди эркин сүйлөгөн, бул тилде китеп окуган, балдарга туура багыт берген мугалим болушу керек. Экинчиден, замандын талабына жооп берген методикалык китептер, окуу китептери болуш керек. Ал окуу китептери сөздү жаттоого таянган эмес, практикалык ой жүгүртүүгө, сүйлөө, диалог түзгөнгө ыңгайлуу болушу керек. Ушундай шарттар түзүлсө сөзсүз 1-2 жылдын ичинде жакшы деңгээлге жетип алсак болот.

Англис тилин окуткан мугалимдер дайыма даярданып окуп жүрүү үчүн атайын бир колдонмолорду кайра иштеп чыгыш керекпи? Анын кандай ыкмаларын билесиз?

Оксфорд Кэмбридж басмаларынын китептерин карап көрсөк, окуучуларга окуу китептери, практикалык китепче, андан тышкары мугалимдин колуна даяр усулдук китеп берилет. Билим берүү жана илим министрлиги да ушул окутууларды өткөрүү менен ушул жолду тандады десек болот. Айрым айылдарда, райондордо англис тилинен окуткан мугалимдер биз каалаган деңгээлде болбошу мүмкүн. Бирок, азыркы жасалып жаткан кадам, жаңы иштелип чыга турчу методикалык китептер, окутуулар мугалимдердин сапатын мурдагыга караганда кыйла өстүрөт деп ишенебиз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...