Акыркы макалалар

Ак-Талаада жол боюнда эс алуучу жай ачылды

Ак-Талаада жол боюнда эс алуучу жай ачылды

Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылынын тургуну Улан Айтбеков жубайы Мээрим Теңирбердиева менен бирге жаңы эс алуучу жай ачты. Казарман-Баетов жолундагы бул чайкана “Асанкан ата” деп аталып, Ак-Чий айылынын тушундагы Мыкачы суусунун жээгинде жайгашкан.

Жубайлар бул жол менен каттаган сапардагы адамдарга, туристтерге, эс алуучуларга койдун жана тооктун этинен даярдалган шашлык сунушташат.

Уландын айтымында, азыр жаңы ачылгандыктан айылдын тургундары жана сапардагылар дайымкы кардарлары.

«Күнүгө ондон ашык буйрутма түшөт. Буйрутмага жараша кардардын талабы менен даярдап беришет. Келгендер таза абада, суунун жээгинде эс алышат», — деди ал.

Узак жолдо жүргөндөр үчүн орто жолдон тамактанып, эс алып, сапарларын улантууга жакшы шарт түзүлгөн. Түнкү саат он бирге чейин иштешет.

Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза

Түп нускага шилтеме : kyrgyzmedia.com

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...